Меню
Тесты
Тесты  /  Экология  /  Прочее  /  География

География

Avatar
29.12.2020. Тест. Экология, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Экология предметик экзамен кыргыз группалар учун (география)

Список вопросов теста

Вопрос 1

Тирүү организмди курчап турган жана аны менен түздөн – түз өз ара мамиледе болгон жаратылыштын бөлүгү эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • фитоценоз;
  • биоценоз;
  • тиричилик чөйрө
  • биотоп.
Вопрос 2

Денесини температурасы туруктуу болуп, сырткы чөйрөгө көз каранды болбогон организмдерди кайсы  экологиялык группага киргизишет?

Варианты ответов
  • криофилдерге
  • термофиллдерге;
  • терофиттерге;
  • пойкилотермдерге;
Вопрос 3

Биологиялык макросистемаларды (популяция, биоценоз жана биогеоценоз) жана алардын убакыттагы жана мейкиндиктеги өзгөрүүсүн изилдөө экологиянын кайсы бөлүгүн түзөт?

Варианты ответов
  • милдеттерин;
  • мазмунун;
  • практикалык маанисин
  • предметин;
  • теориялык багытын түзөт.
Вопрос 4

Биоценоздорду экология илиминин кайсы бөлүгү изилдейт?

Варианты ответов
  • аутэкология;
  • синэкология;
  • демэкология;
  • эйдэкология;
  • жооптордун баары туура.
Вопрос 5

. Чөйрөнүн организмдерге таасирин тийгизген айрым касиеттери же элементтери эмне деп аталат? Так жообун тапкыла.

Варианты ответов
  • чектөөчү факторлор;
  • абиотикалык факторлор;
  • биотикалык факторлор;
  • антропикалык факторлор;
  • экологиялык факторлор.
Вопрос 6

Тар экологиялык шартка (чөйрөгө) ыңгайланган организмдерди кандай организмдер дейбиз?

Варианты ответов
  • стенофилдер;
  • стенофиттер;
  • эврифиттер;
  • стенобионттор;
  • эврибионттор.
Вопрос 7

Экологиялык факторлордун организмдерге жагымсыз таасир этүүчү зонасы эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • оптимум зонасы;
  • экологиялык валентүүлүк;
  • пессимум зонасы;
  • чектөөчү фактор;
  • адаптация.
Вопрос 8

Убактылуу үйүр деген эмне?

Варианты ответов
  • популяциядагы жандыктардын бири – биринен көз каранды болбой көпчүлүк учурда жалгыз жашашы
  • бир ата-эненнин тукумдарынын белгилүү убакытка чейин чогуу жашоосу;
  • кыймыл-аракеттерин уюшулгандыкка алып келүүчү жаныбарлардын убактылуу бирикмелери;
  • жаныбарлардын туруктуу жана көп убакытка созулган бирикмелери;
  • жогоруда аталгандардын бардыгы туура болуп эсептелет;
  • отурукташып жашаган жаныбарлардын топ-тобу менен убактылуу же көп убакытка чейин жайланышы.
Вопрос 9

Колония деген эмне?

Варианты ответов
  • популяциядагы жандыктардын бири - биринен көз каранды болбой көпчүлүк учурда жалгыз жашашы;
  • бир ата-эненнин тукумдарынын белгилүү убакытка чейин чогуу жашоосу;
  • кыймыл-аракеттерин уюшулгандыкка алып келүүчү жаныбарлардын убактылуу бирикмелери;
  • жаныбарлардын туруктуу жана көп убакытка созулган бирикмелери;
  • жогоруда аталгандардын бардыгы туура болуп эсептелет
  • отурукташып жашаган жаныбарлардын топ-тобу менен убактылуу же көп убакытка чейин жайланышы
Вопрос 10

Бир организм үчүн  пайдалуу болуп, ал эми экинчиси үчүн маанисиз болгон тамактануу чөйрөсүндөгү өз ара мамиле эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • митечилик;
  • коменсализм;
  • симбиоз;
  • зоохория;
  • зоофагия.
Вопрос 11

Өсүмдүктөрдүн уруктарынын жана спораларынын жаныбарлар аркылуу  таралуусу эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • митечилик;
  • комменсализм;
  • симбиоз;
  • зоохория;
  • зоофагия.
Вопрос 12

Сапрофаг деген эмне?

Варианты ответов
  • ажыраган органикалык заттын эсебинен тиричилик кылуучу организм;
  • өлгөн жаныбарлардын тарпы менен тиричилик кылуучу организм;
  • жаныбарлардын экскременттери менен тирчилик кылуучу организм;
  • жалпы эле өсүмдүктөр менен тамактануучу организм;
  • чириндилер менен тамктануучу организм.
Вопрос 13

Глобалдык экологиялык проблемалар деген эмне?

Варианты ответов
  • Жер планетасындагы актуалдуу проблемалар;
  • Түштүк Кыргызстандын чегинде болуп жаткан проблемалар;
  • Ош шаарындагы проблемалар;
  • Ак-Буура дарыясынын булганышы;
  • атмосфералык абанын булганышы.
Вопрос 14

Регионалдык экологиялык проблемаларга кайсылары мисал боло алат?

Варианты ответов
  • кислоталык жаан;
  • жылуулук таасири (парниковый эффект);
  • озон катамарынын жукарышы;
  • тропикалык токойлордун кыскарышы;
  • баары эле мисал болот
  • эч кимиси мисал боло албайт.
Вопрос 15

Эмне себептен Түштүк Кыргызстанда экологиялык проблемалар (сел, көчкүлөр, жайлоолордун какырга айланышы, токойлордун кыйылышы) Түндүк Кыгызстанга караганда көп деп ойлойсуң?

Варианты ответов
  • токойлор аз болгондуктан;
  • токойлор көп болгондуктан;
  • мал көп болгондуктан;
  • адамдардын саны көп болгондуктан;
  • жердин сапатына байланыштуу.
Вопрос 16

Атмосферада кычкылтек фотосинтез процессинин натыйжасында пайда болот. Ал эми суу чөйрөсүндө кычкылтек кайсы булактан пайда болот?

Варианты ответов
  • сууда кычкылтек болбойт;
  • сууда кычкылтек жашыл балырлардагы фотосинтез аркылуу пайда болот;
  • суу чөйрөсүнө кычкылтек абадан өтөт;
  • жогоркулардын баары туура эмес;
Вопрос 17

Фотосинтез процессинин кандай мааниси бар?

Варианты ответов
  • зыяндуу болгон СО2 ни азайтат;
  • таза кычкылтекти бөлүп чыгарат;
  • абаны тазалайт;
  • өсүмдүктөрдө органикалык зат пайда болот;
  • жогоркулардын баары туура.
Вопрос 18

Биогеоценоз менен экосистеманын айырмачылыгы барбы? Болсо алар кайсылар?

Варианты ответов
  • экосистеманы адам да жаратышы мүмкүн;
  • биогеоценоз тарыхый эволюциялык жол менен гана пайда болот;
  • айырмачылыгы жогорку экөө гана болот;
  • айрмачылыгы жок;
  • негизги айырмачылык экосистеманын кичине, биогеоценоздун чоң болушунда.
Вопрос 19

Экологиялык проблемалардын барган сайын көбөйүп жатышына эмнелер себеп болуп жатат?

Варианты ответов
  • калктын санынын көбөйүшү;
  • антропикалык жүктүн көбөйүшү;
  • экологиялык тарбиянын жана билимдин жетишсиздиги;
  • экономикалык оор кырдаал;
  • жогоркулардын баары туура.
Вопрос 20

Продуценттер менен редуценттердин кандай айырмачылыгы бар?

Варианты ответов
  • редуценттер органикалык затты органикалык эмес затка айлантат;
  • продуценттер органикалык эмес затты органикалык затка айлантат;
  • редуценттерге микроорганизмдер кирет;
  • продуценттерге жашыл өсүмдүктөр кирет;
  • жогоркулардын баары туура.
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт