Меню
Тесты
Тесты  /  Химия  /  8 класс  /  8а,8б класска тест Иод

8а,8б класска тест Иод

Avatar
29.01.2024. Тест. Химия, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Пизага багыттталган тест иод деген темага 8 класстарга

Список вопросов теста

Вопрос 1

йод — ВикисловарьЧто будет если выпить йод? На этот вопрос мы нашли ответ.... | Пикабу

Йод – металлдык жылтырактыкка ээ болгон кара боз түстөгү кристаллдык зат. Анын укмуштуудай касиети бар: ысытканда, эрибей, б.а. суюк абалга өтпѳй, газ абалына өтөт. Йоддун буусу кескин жыттуу жана кызгылт кѳк түскө ээ. Эркин зат түрүндө ал уулуу болот: йоддун буусу менен дем алуу баш ооруну, жөтөлдү, мурундун агышын жана өпкө шишигин пайда кылышы мүмкүн. Анализдѳѳнүн заманбап ыкмаларын колдонуу менен топуракта, сууда, өсүмдүктөрдө жана жаныбарлардын организмдеринде йоддун аз болсо да саны бар экендигин аныктоого болот. Деӊиз балырлары йодду топтошот. Йод адамдын жана жаныбарлардын жашоосунда өзгөчө роль ойнойт. Малдын тоютуна аз өлчөмдө йод кошуу уйлардын сүттүүлүгүн жогорулатат, койлордун жүнүнүн өсүшүн тездетет, тооктордун жумурткасын көбөйтөт. Йоддун жетишсиздигинен адамдын интеллекти начарлап, гормондун иштебей калышынан жана калкан безинин иштешинин бузулушунан пайда болгон базедов оорусу пайда болот. Йод этил спиртинде жакшы эрийт. Йоддун 5% -түү спирт эритмеси микробго каршы, дүүлүктүрүүчү, алаксытуучу таасирге ээ, жарааттын айыгышын тездетет. Териге колдонууда препараттан патогендик зыяндуу микроорганизмдерге терс таасирин тийгизүүчү активдүү йод жай жана бир калыпта бөлүнүп чыгат.

Тапшырма 1. Тексти окуп чыгып, суроого жооп бергиле. Д.И. Менделеевдин химиялык элементтердин мезгилдик системасындагы йод металл эмессинин жайгашкан ордун колдонуу менен, йод эмне үчүн катуу жана металлдык жалтырактыкка ээ экенин түшүндүргүлѳ. Жообуӊарды жазгыла

Варианты ответов
  • Агрегаттык абалы катуу жана металлдык жалтырактыка ээ
  • Агрегаттык абалга ээ эмес
  • Металлдык жалтырактыкка ээ эмес
Вопрос 2

ЙОД

Йод адамдын жана жаныбарлардын жашоосунда өзгөчө роль ойнойт. Малдын тоютуна аз өлчөмдө йод кошуу уйлардын сүттүүлүгүн жогорулатат, койлордун жүнүнүн өсүшүн тездетет, тооктордун жумурткасын көбөйтөт. Йоддун жетишсиздигинен адамдын интеллекти начарлап, гормондун иштебей калышынан жана калкан безинин иштешинин бузулушунан пайда болгон базедов оорусу пайда болот.

Тапшырма 2. Өлкөбүздүн көптөгөн аймактарында адамдардын тамак-ашында жана мал азыгында йоддун өлчөмү жетишсиз экендиги белгилүү. Текстти колдонуп, бул маселени чечүү үчүн эмне кылуу керек?

Варианты ответов
  • мал азыгына аз дозада кошуу керек.
  • Аш тузуна йод кошуу зарыл. Ар бир үй-бүлөдө тамак жасоо үчүн аш тузу колдонулат.
  • Тамак аш рационуна йод камтыган азыктарды деңиз азыктарын (деңиз капустасы), балык, жумуртка ж.б.азыктарды кошуу
Вопрос 3

ЙОД

Йод – металлдык жылтырактыкка ээ болгон кара боз түстөгү кристаллдык зат. Анын укмуштуудай касиети бар: ысытканда, эрибей, б.а. суюк абалга өтпѳй, газ абалына өтөт

Тапшырма 3. Тексттен берилген үзүндүдө кандай кубулуш баяндалган?

Жообуӊарды жазгыла.

Варианты ответов
  • - бул физикалык кубулуш, - анткени агрегаттык абалында гана өзгөрүү болот; - же: жаңы зат пайда болган жок; - же: сублимация же кургак айдоо (возгонка);
  • Химиялык кубулуш
Вопрос 4

 Йод рисунок - 42 фото

Иод этил спиртинде жакшы эрийт. Йоддун 5% -түү спирт эритмеси микробго каршы, дүүлүктүрүүчү, алаксытуучу таасирге ээ, жарааттын айыгышын тездетет. Териге колдонууда препараттан патогендик зыяндуу микроорганизмдерге терс таасирин тийгизүүчү активдүү йод жай жана бир калыпта бөлүнүп чыгат.

Тапшырма 4.  Тексти окуп чыгып, суроого жооп бергиле. Йоддун спирт эритмесин көгөргөн (жанчылган) жерге колдонуунун - “Йод торчосунун” таасири эмнеге негизделген?

Жообуӊарды жазгыла.

Варианты ответов
  • жарааттын айыгышын тездетет.
  • зыяндуу микроорганизмдерден коргойт
  • кан токтотот
  • кандын журушун тездетет
Пройти тест
Сохранить у себя:
Тесты по химии 8 класс
0
185

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт