Адам жана коом предметинен экинчи модул 10 - класстар үчүн
Список вопросов теста
Вопрос 1
Төмөндө берилген мисалдардан кайсы жуп ашыкча?
Чыр- чатактын себеби болуп .....
Варианты ответов
- Укканды жана макулдашканды билбегендик
- Баарлашуу боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы түшүнбөстүк
- Сезимдерин кармай албагандык
- сабырдуулук жана түшүнө билүү
Вопрос 2
негиздүү чечимдерди кабыл алууга алып келет жана чыр-чатактын катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн ….
Варианты ответов
- Конструктивдүү чыр-чатактар
- Деструктивдүү чыр-чатактар
- атаандашкан чыр - чатактар
Вопрос 3
бир тарап өз кызыкчылыктарынан баш тартуу менен атаандашынын пайдасына багынып бериши чыр- чатактын кайсы чечүү жолуна кирет?
Варианты ответов
- ыңгайлашуу
- качуу
- компромисс
- кызматташтык
Вопрос 4
эл аралык толеранттуулук куну болуп ...
Варианты ответов
- 18- декабрь
- 20- ноябрь
- 16- ноябрь
- 18-ноябрь
Вопрос 5
эмпатия - бул ......
Варианты ответов
- сабырдуулук
- толеранттуулук
- боорукердик
- айкөлдүк
Вопрос 6
ар кандай диндердин жолдоочуларынын баалуулуктарын жана каада-салттарын урматтоо, башка динди альтернатива, тең укуктуу дин катары таануу катары көрүнүшү …..
Варианты ответов
- инсандар аралык толеранттуулук
- этностор аралык толеранттуулук
- конфессиялар аралык толеранттуулук
- маданияттар аралык толеранттуулук
Вопрос 7
адамдардын дээрлик туруктуу өз ара карым-катышын камтуучу коомдук жашоонун белгилүү бир областы кантип аталат?
Варианты ответов
- коомдун чөйрөсү
- социалдык мамиле
- коомдун келишпестиги
Вопрос 8
социалдык топтордун, жарандардын ортосунда бийлик, мамлекеттик түзүлүш жана коомду башкаруу боюнча пайда мамиле кантип аталат?
Варианты ответов
- саясий
- социалдык
- укуктук
- экономикалык
Вопрос 9
коомдо белгилүү бир функцияларды аткаруучу адамдардын биргелешкен иш-аракетин уюштуруунун тарыхый жактан түзүлгөн туруктуу формасы кантип аталат?
Варианты ответов
- социалдык институт
- социалдык бирикме
- коомдук уюм
Вопрос 10
социалдык түзүмдүн алкагында айрым адамдардын жана бүтүндөй топтордун орун которуусу кантип аталат?
Варианты ответов
- социалдык мобилдүүлүк
- социалдык институт
- социалдык түзүлүш
Вопрос 11
Төмөндө келтирилген мисалдардын кайсынысында социалдык лифтин вертикалдык көтөрүлүшү берилген
Варианты ответов
- ишкананын эсепчи директордун орун басары болуп дайындалды
- шаардык поликлиникасынын дарыгери айылдык ооруканага которулду
- Асан Баткенден Бишкекке көчүп кетти
Вопрос 12
адамдын өмүрү жана ден соолугу, анын максаттары, керектөөлөрү, кызыкчылыктары коркунучтуу таасирлерден корголгон абал кантип аталат?
Варианты ответов
- жеке коопсуздук
- жеке жашоо
- адамдын статусу
Вопрос 13
олуттуу зыян алып келиши мүмкүн болгон кооптуу жагдайлардан жана коркунучтардан адамдын, коомдун жана мамлекеттин корголушу – бул ....
Варианты ответов
- жеке коопсуздук
- коомдук коопсуздук
- мамлекеттик коопсуздук
Вопрос 14
Кооптуу жүрум-турумдун түрлөрүнө кайсылар кирбейт?
Варианты ответов
- Өзүнө жана айлана-чөйрөгө карата деструктивдүү жүрүм – турум
- Айлана - чөйрөгө жана өзунө карата аяр мамиле кылуусу
- радикализм, терроризм, экоцид, вандализм
Вопрос 15
биздин жеке мейкиндигибиз, кызыкчылыктардын, принциптердин жана ишенимдердин индивидуалдуу чөйрөсү кантип аталат?
Варианты ответов
- жеке жүрүм - турум
- жеке чектер
- коомдук чөйрө
Вопрос 16
коомдогу норма менен эрежелерди четке кагуу же коюлган максатка жетүү үчүн зордук- зомбулук ыкмаларды колдонушу бул кылмыштын кайсы түрүнө кирет?
Варианты ответов
- радикализм
- терроризм
- экстремизм
- фундаментализм
Вопрос 17
саясий максатта коркутуп- үркүтүү, абдан ырайымсыздык менен зордук көрсөтүү- бул ...
Варианты ответов
- терроризм
- экстремизм
- радикализм
Вопрос 18
эзелки диний эрежелерди катуу жактоочулук - бул ....
Варианты ответов
- терроризм
- радикализм
- экстремизм
- фундаментализм
Вопрос 19
адамдардын пикирлерине, мамлекеттин мыйзамдарын, коомдук түзүлүш, салтарры менен эсептешпей , диний ырым- жырымдарды өтө кылдаттык менен аткарууга далалат кылышы – бул ...
Варианты ответов
- экстремизм
- терроризм
- радикализм
Вопрос 20
САЛАФИЙЛЕРДИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮНӨ КАЙСЫ МИСАЛ ТУУРА КЕЛБЕЙТ?
Варианты ответов
- МАЗХАБТАРГА КАРШЫ ЧЫГУУСУ
- мусурмандарды капырлыка чыгаруу
- халифат курууну эңсөөсү
- тең укуктуулукту сактоо
Вопрос 21
Теңирчилердин өгөчөлүктөрүнө кайсы мисал туура келбейт?
Варианты ответов
- исламчыларды жек көрүү
- башка диндерди сыйлашы
- адам баласы Кыргызстандан тараган
- Тоо - ташка, булактарга сыйынуу