Меню
Тесты
Тесты  /  Всемирная история  /  11 класс  /  Дуйнонун тарыхы НЦТ тест

Дуйнонун тарыхы НЦТ тест

Avatar
21.01.2024. Тест. Всемирная история, 11 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Дуйнонун тарыхы НЦТ тест 11 класстар учун. кайталоо

Список вопросов теста

Вопрос 1

XIX к. ортосундагы буржуазиялык революциялар капитализмдин өнүгүшүнө кандай таасир берген?

Варианты ответов
  • Феодалдык тартиптерди жок кылып, капитализмге жол ачты
  • Коомдун алга жылышына кубаттуу түрткү берди
  • Элдин жашоосун жакшыртуу талаптарынын аткарылышына, эмгек акынын көбөйүшүнө, 8 сааттык иш күнгө өтүүгө чоң таасир берген
  • Фабрикаларда эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы жумушчулардын жашоосун жакшыртты
Вопрос 2

1848-1849-жылдардагы Европадагы революциялардын сабагы:

Варианты ответов
  • үстөмдүк кылуучу таптар реформага жумушчулардын турмушун жакшыртуу жолу менен бара алат
  • пролетариат өз максатына жетиш үчүн буржуазия табын пайдаланса болот
  • жумушчу кыймылы буржуазия менен дыйкандар колдобосо да максатына жетсе болот
  • революциялар жумушчу табынын революциячыл партиясынын зарылдыгын далилдеди
Вопрос 3

Батыш Европанын жана АКШ өлкөлөрүнүн XVIII к. аягы жана XIX к. өнөр    жайындагы илимий техникалык прогресс кандай таасир кылды?

Варианты ответов
  • Техникадагы ийгиликтер эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн зор өсүшүнө түрткү болду
  • Жаңы ойлоп табуулар чыгарылган продукциялардын сапатын жакшыртты
  • шаар калкынын өсүшү жер иштетүүнүн кеңейишине жана жакшырышына алып келди
  • Өндүрүштүк анархия токтоду
Вопрос 4

Францияда “Панаманы көрүү” сөзү ........................... түшүндүргөн

Варианты ответов
  • малекеттик бюджетти кийинки финансы жылга чейин эптеп-септеп жеткирүү аракетин
  • кадимки газета-журналдык “өрдөк учурууну” сапатту материал катары бере билүүнү
  • Панама өткөөлүн деңиздин нары жагындагы аймак катары Францияга кошууну
  • ири афера менен байланышкан жалпыга маалым болгон жаңжалды
Вопрос 5

В. И. Ленин Англиялык империялизмге кандай мүнөздөмө берген?

Варианты ответов
  • Монополисттик
  • Согуштук-феодалдык
  • Колониялык
  • Юнкердик
Вопрос 6

Индияда 1857-1859-жылдардагы сыпайылардын көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси эмнеде?

Варианты ответов
  • Индиянын экономикасы англиялык үстөмдүктөн бошогон
  • Ар түрдүү расалардын, уруулардын, касталардын, диндердин ортосундагы касташуулар жоюлган
  • Мамлекеттик казыналарды уурдоолор тыйылган
  • Азиянын бардык элдеринин боштондук күрөшүнүн жогорулашына жол ачты
Вопрос 7

Кытайдагы тайпиндер көтөрүлүшүнүн негизги максатын белгиле

Варианты ответов
  • Капиталисттик дөөлөттөргө толук экономикалык көз карандылыктан кутулуу
  • Буржуазиялык республиканы жарыялоо
  • Помещиктик жер ээлөөнү жоюу, тең укуктуулукту жарыялоо, феодалдык эзүүнү жок кылуу
  • Кытайдын обочолонуу саясатын кайра баштоо
Вопрос 8

XIX к. 80-жылдарында Европалык кайсы мамлекеттердин ортосунда

    согуштук союз түзүлгөн?

Варианты ответов
  • Англия-Япония-Россия
  • Германия-Австро-Венгрия-Италия
  • Россия-Германия-Англия
  • Франция-Италия-Австрия
Вопрос 9

Бул окумуштуу укук жана мамлекет жөнүндө илимге негиз салуу менен,

   биринчи болуп “коомдук келишим” идеясын көтөрүп чыккан.

Варианты ответов
  • Джон Локк
  • Жак Руссо
  • В. И. Ленин
  • З. Фрейд
Вопрос 10

Россиядагы пролетардык революциялык кыймыл кайсы мезгилди камтыйт?

Варианты ответов
  • 1887-1909-жж
  • 1890-1912-жж
  • 1903-1925-жж.
  • 1895-1917-жж.
Вопрос 11

Россияда кайсы уюм революциялык кыймылдын пролетардык     мезгилин баштаган?

Варианты ответов
  • ”Жумушчулардын түштүк-россиялык союзу”
  • “Орус жумушчуларынын түндүк союзу”
  • “Эмгекти боштондукка чыгаруу” союзу
  • “Жумушчу табын боштондукка чыгаруу үчүн күрөш союзу”
Вопрос 12

XIX к. аягы – XX к. башында илимеги жетишкен ийгликтери үчүн Нобель    сыйлыгына татыктуу болушкан:

Варианты ответов
  • Павлов И. П., Тимирязев К. А.
  • Жуковский Н. Е., Мичурин И. В.
  • Попов А. С., Жуковский Н. Е.
  • Павлов И. П., Мечников И. И.
Вопрос 13

Россия 1904-1905-жж. ............................менен согушкан.

Варианты ответов
  • Түркия
  • Ирак
  • Япония
  • Кытай
Вопрос 14

Орус-япон согушундагы эң акыркы салгылашуу ...........................болгон.

Варианты ответов
  • Мукдене
  • Цусимада
  • Порт-Артурда
  • Ляодунда
Вопрос 15

Окуялардын кайсынысы биринчи болгон?

Варианты ответов
  • Кандуу жекшемби
  • РСДРПнын II съезди
  • Орус –Япон согушу
  • “Искра” газетасынын чыгышы
Вопрос 16

Дүйнөнү айланып чыккан биринчи деңиз саякатын башарган     деңизде сүзүүчүнү белгиле:

Варианты ответов
  • Ю. Ф. Лисянский
  • Ф. Ф. Беллинсгаузен
  • И. Ф. Крузенштерн
  • М. П. Лазерев
Вопрос 17

XX к. башында АКШ конгрессинде жумушчуларга каршы    кандай мыйзам кабыл алынган?

Варианты ответов
  • Тафта Хартли мыйзамы
  • Вагнер мыйзамы
  • Лендрем Гриффин мыйзамы
  • Өнөр жай мамилелери боюнча мыйзам
Вопрос 18

В. И. Ленин империализмдин өзгөчөлүгүн атабаган өлкөнү белгиле:

Варианты ответов
  • Германия - юнкердик-буржуазиялык империализм
  • АКШ – илимий-техникалык империализм
  • Франция – сүткордук империализм
  • Англия – колониялык империализм
Вопрос 19

“Үч элдик принцип” улутчулдук, демократизм, элдин жыргалчылыгын ишке ашыруунун негизинде Кытайды кайра түзүүнүн автору ........................ болгон.

Варианты ответов
  • Юань Шикай
  • Чан Кайши
  • Мао Цзедун
  • Сун Ятсен
Вопрос 20

 I  Дүйнөлүк согуштун чыгышына .............................. шылтоо болгон.

Варианты ответов
  • Австро-Венгрия тактысынын мураскору Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшү
  • “Лузитания” жүргүнчү кемесин чөктүрүү
  • Германдык кемелер Россиянын кара-деңиз портторун атышы
  • Германия Бельгиянын бейтараптыгын бузушу
Вопрос 21

I  Дүнөлүк согушка акыркы кирген өлкө кайсы?

Варианты ответов
  • Япония
  • Россия
  • Түркия
  • АКШ
Вопрос 22

Версаль – Вашингтон системасынын иш жүзүнө ашкан   реалдуу артыкчылыгына ............................. кирген.

Варианты ответов
  • чек араларды жаңыдан белгилөө жана эл аралык аренада күчтөрдүн жаңы катышын бекемдөө
  • эл аралык мамилелердин прицибин бекемдөө
  • Улуттар Лигасынын иштиктүү саясаты
  • өз жолун аныктоого бардык улуттардын укугун мыйзам жүзүндө таануу
Вопрос 23

Улуттар Лигасынын башкы маселеси ............................... көмөк көрсөтүү болгон.

Варианты ответов
  • антисоветтик үгүт жүргүзүү
  • АКШ дүйнө жүзүндө үстөмдүгүн орнотуусуна
  • тынчтык жана коопсуздукту бекемдөө
  • Европада Германиянын таасиринин күчөшүнө
Вопрос 24

Мандат ситемасы – бул системада

Варианты ответов
  • I Дүйнөлүк согушта экономикасы жабыркаган өлкөлөр жеңилдетилген заемдорду алышкан
  • колониялар өз жолун аныктоого Улуттар Лигасынан укук алышы
  • өз жолун аныктоого жөндөмсүз деп эсептелген аймактарга карата Улуттар Лигасынын атынан көзөмөлдүк кылууну орнотуу тартиби
  • Улуттар Лигасынын өкүлү ыйгарым укук алып, Германиянын Версаль келишимин сакташына контролдук кылган
Вопрос 25

Дүйнөдөгү эң катаал жана кыйраткыч экономикалык кризис жылдарын белгиле

Варианты ответов
  • 1911-1915-жж.
  • 1956-1960-жж
  • 1908-1912-жж
  • 1929-1933-жж
Вопрос 26

1938-ж. Мюнхен конференциясында эмне жөнүндө суроо каралган?

Варианты ответов
  • Европада фашизмди ооздуктоо
  • СССРге каршы согуштук союзду түзүү
  • Чехословакияны бөлүү
  • 1918-ж. Париж тынчтыгын кайра кароо
Вопрос 27

II Дүйнөлүк согуш алдындагы жылдарда “изоляциялоо” саясатын жүргүзгөн:

Варианты ответов
  • Англия
  • АКШ
  • Япония
  • Болгария
Вопрос 28

Хронология боюнча алгач кайсы окуя болгон?

Варианты ответов
  • Берлин дубалынын тургузулушу
  • Женевадагы эң жогорку деңгээлдеги конференция
  • Экономикалык өз ара жардамдашуу Советинин түзүлүшү
  • Варшава келишиминин түзүлүшү
Вопрос 29

РСФСР уюшулганда бийликтин жогорку органы ББАК түзүлгөн.

Революциядан кийин партиянын көрүнүктүү ишмерлери башкарган ыраатты көрсөт:

Варианты ответов
  • Ленин В. И., Сталин И. В., Свердлов Я. М.
  • Троцкий Л. Д., Свердлов Я. М., Калинин М. И.
  • Каменев Л. Б., Свердлов Я. М., Калинин М. И.
  • Ленин В. И., Сталин И. В., Троцкий Л. Д.
  • Сталин И. В., Ленин В. И., Калинин М. И.
Вопрос 30

 “Бардык бийлик патияларга эмес, Советтерге!” деген ураанды .................. көтөгөн.

Варианты ответов
  • Октябрь революциясынын алдында Кубань менен Дондун казак орустары
  • граждандык согуштун учурунда Тамбов жана Воронеж губернияларынын дыйкандары
  • Советтерге меньшевиктер менен эсерлер көпчүлүк кылган учурда
  • граждандык согуш бүткөндөн кийин Кронштадттын моряктары
Вопрос 31

Согуш алдында Советтер Союзундагы индустриализациянын         негизги жыйынтыгы болгон:

Варианты ответов
  • ири машина өнөр жайы түзүлгөн эмес
  • “ашкере буроо” ыкмасынын эффективдүү эместигин түшүнүү
  • өлкөнүн техника-экономикалык жактан өз алдынчалыкка жетишүүсү
  • өндүрүштө “ зыянкечтерди” табуу боюнча компанияны акырына чейин жеткирүү
Вопрос 32

Айыл чарбасын коллективдештирүүдөгү Лениндин планында каралган эмес:

Варианты ответов
  • ыктыярдуулук
  • этаптуулук
  • жеке менчик дыйкан чарбасын жоюу
  • ар кандай фермердик альтернативаны мамлекеттик колдоого алуу
Вопрос 33

СССРде 1930-жылдарда репрессиянын болушуна эмне себепчи болгон?

Варианты ответов
  • Бухарин, Рыков, Томскийдин оппозициялык ишмердиги
  • С. М. Кировдун өлтүрүлүшү
  • Троцкийдин чет өлкөдө антисталиндик ишмердиги
  • Коллективдештирүүгө байланыштуу дыйкандар козголоңу
Вопрос 34

УАМС мезгилиндеги Москва салгылашуусун планы

Варианты ответов
  • Барбаросс
  • Тайфун
  • Багратион
  • цитадель
Вопрос 35

УАМС мезгилиндеги Курск догосундагы салгылашуу кантип аталган?

Варианты ответов
  • багратион
  • барбаросс
  • цитадель
  • тайфун
Вопрос 36

Советтик Армиянын Курскинин алдындагы жеңиши ....................... таасир берди.

Варианты ответов
  • Япония СССРге согуш дарыялоодон баш тартышына
  • Түркия СССРге согуш жарыялоодон баш тартышына
  • Италиянын согуштан чыгышына
  • УАМ согушта түп тамырынан бери бурулуштун башталышына
Вопрос 37

1945-ж. 24-июнда кандай окуя болгон?

Варианты ответов
  • СССР Японияга согуш жарыялады
  • Москвада жеңиш парады болуп өттү
  • АКШ Японияга атом бомбасын таштады
  • Потсдам конференциясы өз ишин аяктады
Вопрос 38

Улуу Ата Мекендик Согуштагы кайсы салгылашуулар “түп тамырынан бери бурулуш” деген түшүнүк менен байланыштуу?

Берилген бешөөнүн ичинен эки салгылашууну белгиле.

Варианты ответов
  • Москванын алдындагы салгылашуу
  • Сталинграддагы салгылашуу
  • Смоленскидеги салгылашуу
  • Курск дугасындагы
  • Кавказ үчүн салгылашуу
Вопрос 39

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында биринчи салют ................... бошотулганына арналып берилген.

Варианты ответов
  • Севастополдун жана Курскинин
  • Кенигсбергдин жана Туланын
  • Ленинграддын жана Москванын
  • Белгород жана Орелдун
Вопрос 40

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин СССРдин “Маршалдын планынан” баш тартуусунун себеби .............................болгон.

Варианты ответов
  • “үчүнчү дүйнөнүн” өлкөлөрүнөн жардам күтүү
  • Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн жардамына үмүттөнүү
  • АКШга экономикалык саясий көз каранды болуп калуу коркунчу
  • Англия жана Франциянын жардамы менен экономиканы калыбына келтиребиз деп эсептөө
Вопрос 41

1940-жылы Германия кайсы өлкөлөрдү басып алган?

Варианты ответов
  • Югославия, Греция, Нидерланды, Венгрия, Франция
  • Польша, Чехословакия, Швеция, Люксембург, Румыния
  • Бельгия, Болгария, Нидерланды, Финляндия, Чехословакия
  • Дания, Норвегия, Нидерланды, Бельгия, Люксембург
Вопрос 42

(1943-ж.) Тегеран конференциясына катышкан үч державанын

       жетекчилерин белгиле.

Варианты ответов
  • Сталин И.В., Эттли К.Р., Рузвельт Ф.Д.
  • Сталин И.В., Черчилль У.С., Трумэн Г.Э.
  • Сталин И.В., Эйзенхауэр Д.Д., Вильсон Д.Г.
  • Сталин И.В., Рузвельт Ф.Д., Черчилль У.С.
Вопрос 43

Ленд-лиз – бул:

Варианты ответов
  • АКШнын атомдук куралды иштеп чыгаруу долбоору
  • АКШ үчүн өзгөчө маанилүү болгон өлкөлөрдү коргоодо, куралдарды жана аскер атериалдарын карызга же арендага берүү жөнүндө мыйзам
  • согуштан кийин Европага америкалык экономикалык жардам көрсөтүү программасы
  • Перл-Харбордо Япония АКШнын аскер флотун талкалагандан кийин аны кайрадан калыбына келтирүү программасы
Вопрос 44

1949-ж. НАТО блогуна мусулман дүйнөсүнөн кайсы мамлекет кирген?

Варианты ответов
  • Иран
  • Ирак
  • Сирия
  • Түркия
Вопрос 45

Түркия Республикасынын биринчи президенти:

Варианты ответов
  • Тургут Озал
  • Мустафа Кемаль
  • Абдул Меджид
  • Мустафа Субхи
Вопрос 46

XX к. экинчи жарымында Европадагы социалисттик өлкөлөрдүн оппозициялык күчтөрү ................................. ураанынын алдында чыгышкан.

Варианты ответов
  • “ленинизмге кайтып келүү”
  • “социализмди жаңылоо”
  • “батыштын демократиясын кайра калыптандыруу”
  • азыркыдан башка режимдерден бардыгы жакшы”
Вопрос 47

“Элдик демократия” режиминин калыптанышынын объективдүү факторлордон бирөө - cубъективдүү. Бул - ........................................

Варианты ответов
  • “фашисттик мурастан” арылууга умтулуу
  • экономиканы кайрадан калыбына келтирүү проблемасын чечүү үчүн улуттун бардык күчтөрүн бириктирүү зарылчылыгы
  • демократиялык реформаларды жүргүзүүдө калктын ар кандай социалдык катмарларынын таламдарынын төп келиши
  • Кызыл Армиянын дайыма болушу, Советтер Союзунун партиялык-мамлекеттик жетекчилигинин басым жасоосу
Вопрос 48

Социализмдин дүйнөлүк системасынын кризисинин жыйынтыгы кандай?

Варианты ответов
  • Колониализмдин акыркы очогу жоюлду
  • Реформалар, “баркыт” революциялары, Варшава Келишими Уюму жоюлду
  • Өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн өлкөлөрдүн ортосундагы карама-каршылык курчуду
  • Азыркы учурдагы глобалдуу проблемалар күчөдү
Вопрос 49

СССР, Великобритания жана АКШнын жетекчилери Ялта конференциясында чыгарган чечимден үзүндүнү окуп чыгып, сөз кайсы уюм жөнүндө болгонун белгиле.

“Биз, тынчтыкты сактоо максатында эл аралык уюмду түзүү керек деп эсептейбиз. Биз агрессияны болтурбоонун алдын алууну ошондой эле согуштун саясий, экономикалык жана социалдык себептерин бардык тынчтыкты каалаган элдер менен дайыма

тыгыз жана тынымсыз иштеген кызматташтык жолу аркылуу

жетишүүгө болот деп эсептейбиз”.

Варианты ответов
  • БУУ (Бириккен Улуттар Уюму)
  • ЭЭУ ( Эл аралык Эмгек Уюму)
  • ЮНЕСКО (БУУ билим берүү, илим жана маданият боюнча)
  • БДУ (Бүткүл дүйнөлүк Ден соолук Уюму)
Вопрос 50

Сунуш кылынган окуялардан хронологиялык акыркысын белгиле.

Варианты ответов
  • Чехословакия жок болду
  • Гитлер Австрия мамлекетин толугу менен жок кылуу планын бекиткен
  • СССР менен Германия 10 жылдык мөөнөткө кол салышпоо жөнүндө келишимге кол койгон
  • Гитлер менен Муссолини “Болот пактысына” кол коюшкан
Вопрос 51

 Кариб кризисинин жыйынтыгы ..................................... болгон

Варианты ответов
  • Фидел Кастронун жетекчилиги менен Кубадагы революция
  • Берлин дубалынын тургузулушу
  • 1963-жылы ядролук куралдарды абада, космос мейкиндигинде жана суу астында сыноого тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгы
  • экономикалык өз ара жардамдашуу Советинин түзүлүшү
Вопрос 52

Боордоош Чехословакияда “ревизионизмдин” бекемделишине жол бербеш үчүн 1968-ж. августта кайсы өлкөлөрдүн аскерлери киргизилген?

Варианты ответов
  • СССР, Венгрия, Польша, Болгария, Югославия
  • СССР, Венгрия, ГДР, Болгария, Польша
  • СССР, Польша, Болгария, ГДР, Румыния
  • СССР, Польша, Венгрия, Югославия, Албания
  • СССР, ГДР, Румыния, Югославия, Албания
Вопрос 53

1970-жылдардын башында Советтер Союзунда экономиканы уюштуруунун жана башкаруунун негизин кандай принцип түзгөн?

Варианты ответов
  • Сөзсүз жана баарын камтыган пландуулук
  • Совет экономикасынын пландуу жана пландан тышкаркы формасы удаалаш колдонулган
  • Экономикада пландуулуктун жана эркин рыноктун артыкчылыктарын айкалыштыруу
  • 70-жылдардын башында Советтер Союзунда “жапайы рынок” колдонулган, бул учурда бекем борбордоштурулган пландуу ыкма аяктап, ал эми рынок механизми али ишке кире элек болучу
Вопрос 54

“Кайра куруунун” этаптарынын ыраатуулугу туура катарды белгилегиле.

Варианты ответов
  • өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү жана маалымдуулук саясатын жарыялоо, “демократиялык, гумандуу социализмди” куруу багыты, көп партиялуулукту бекемдөө
  • маалымдуулук, “демократиялык, гумандуу социализм” идеясы, көп партиялуулук, тездетүү
  • “демократиялык, гумандуу социализм” идеясы, көп партиялуулук, тездетүү, маалымдуулук
  • көп партиялуулук, тездетүү, маалымдуулук, “демократиялык, гумандуу социализм” идеясы
Вопрос 55

1960-ж. ортосунан 1980-жж. биринчи жарымына чейин СССРдин Батыш Европа өлкөлөрүндө социалисттик түзүлүштү сактап калуу максатында өткөргөн тышкы саясат курсу – бул “............................. доктринасы” деп аталган

Варианты ответов
  • Андроповдун
  • Хрущевдун
  • Брежневдин
  • Сусловдун
Вопрос 56

1991-жылы 19-августта эмне үчүн ӨКМК (өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет) түзүлгөн?

Варианты ответов
  • 17-августта М. С. Горбачевдун ден соолугунун абалы кескин начарлаган
  • 18-августта М. С. Горбачев өз полномочиясын вице президентке өткөргөн
  • 20-августта жаңы Союздук келишимге кол коюлмакчы болгон
  • Балтика республикаларынын проблемаларын чечүү үчүн
Вопрос 57

СССРдин биринчи жана акыркы президенти:

Варианты ответов
  • М. С. Горбачев
  • В. В. Бакатин
  • Б. Н. Ельцин
  • В. В. Путин
Вопрос 58

Кайсы советтик республика өзүнүн көз карандысыздыгын биринчи жарыялаган?

Варианты ответов
  • Литва
  • Эстония
  • Украина
  • Армения
Вопрос 59

Азыркы мезгилдеги тарыхчынын эмгегинен үзүндүнү окуп, кайсы окуя жөнүндө жазылгандыгын белгиле. “Радиоактивдүү чалдыгуу .............. Украинанын, Белоруссиянын жана Россиянын көп райондорунун 200 миң квадрат километр аймагын каптады. Радиоактивдүү фонддун жогорулашы башка өлкөлөрдө: Польшада,Румынияда, Югославияда, Норвегияда, Финляндияда, Швецияда жана ошондой эле алыскы Бразилия менен Японияда да белгиленген”.

Варианты ответов
  • Чернобыль АЭСи
  • Курск АЭСи
  • Смоленск АЭСи
  • Днепр АЭСи
Вопрос 60

Туура айтылган сапты тапкыла.

Варианты ответов
  • СССРдеги саясий реформалар КПССтин кадыр-баркынын өсүшүнө алып келди.
  • Саясий реформалардын жыйынтыгында КПССбийликтеги монополиясын жоготту.
  • СССРдеги саясий реформалардын жыйынтыгында КПССтин мүчөлөрүнүн саны көбөйдү
  • СССРдеги саясий реформалар КПССтин ишмердигин даңазалады
Вопрос 61

ММКнан төмөнкү үзүндүнү окуп чыгып, андагы жазылган окуя кайсы

        жылы болгонун белгиле.

“Такталган маалымат булактарынын билдирүүсү боюнча СССРдин Президенти М. С. Горбачев “ден соолугунун абалынын начардыгына байланыштуу малекеттик башкарууга жараксыз болуп” ӨКМК ( Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет) тарабынан 19-августтун түнүндө бийликтен алынып, азыр Крымдагы эс алуу үйүндө үй камагы абалында”.

Варианты ответов
  • 1990-ж.
  • 1991-ж
  • 1992-ж.
  • 1993-ж
Вопрос 62

М. С. Горбачевдун  жетекчисинин   түзгөн концепциясы

Варианты ответов
  • “жаңыча саясий ой жүгүртүү”
  • “өнүккөн социализм” концепциясы
  • коомдо саясий стабилдүүлүккө жетишүү
Вопрос 63

 Л. И. Брежневдин     түзгөн концепциясы

Варианты ответов
  • “жаңыча саясий ой жүгүртүү”
  • коомдо саясий стабилдүүлүккө жетишүү
  • “өнүккөн социализм” концепциясы
Вопрос 64

     В. И. Лениндин  түзгөн концепциясы

Варианты ответов
  • “өнүккөн социализм” концепциясы
  • дүйнөлүк революция идеясы
  • “жаңыча саясий ой жүгүртүү”
Вопрос 65

СССРде кайра куруу мезгилинде экономикалык реформалардын мүнөзү кандай? ( бирден  ашык  жооп)

Варианты ответов
  • Экономикада жекече секторду түзүү
  • Мамлекеттик менчиктерди приватташтыруу
  • Фермерлердин пайда болушу
  • Арендалык мамилелерди киргизүү
Вопрос 66

Совет мамлекетинин жетекчилеринин биринин сөзүнөн үзүндүнү окуп чыгып, аты-жөнүн белгиле.

“ Кымбаттуу мекендештер! .................. Мен республикалардын суверендүүлүгүнө, элдердин көз карандысыз жана өз алдынча болуусуна бекем тургам. Бир эле мезгилде союздук мамлекеттерди сактоо менен, өлкөнүн бүтүндүгүн колдогом. Окуянын өнүгүшү башка жолго түштү. Өлкөлөр бекемдеп, малекеттердин бөлүнүүсү күч алды, мен ага макул боло албайм”.

Варианты ответов
  • Н.С. Хрущёв
  • Ю.А. Андропов
  • М.С. Горбачёв
  • Л.И. Брежнев
Вопрос 67

СССРде кайра куруу мезгилинде саясий системада кандай өзгөрүүлөр болгон? (бирден  ашык  жооп)

Варианты ответов
  • СССРдин эл депутаттарынын съезди чакырылган
  • Мамлекеттик Дума түзүлдү
  • Өлкөгө Президенттик кызмат киргизилген
  • Конститутциянын 6-статьясы алып салынган
Вопрос 68

1970-жылдан 1980-жылдардын ортосуна чейинки СССРдин коомдук-саясий турмушун кайсы белгилер мүнөздөйт? (бирден  ашык  жооп)

Варианты ответов
  • Партиялык-малекеттик аппараттын санын кыскартуу
  • Башкача ой жүгүртүүчүлөр менен күрөшүүнү күчөтүү
  • И. В. Сталиндин жеке адамга сыйынуусун сындоону жаңылантуу
  • Ички саясий абалды стабилдештирүү
  • Альтернативдүү шайлоолорду өткөрүү
  • Партиялык номенклатуранын ролун күчөтүү
Вопрос 69

Жаңыча ой жүгүртүүнүн негизинде кандай жетишкендиктер болду?

Варианты ответов
  • Орбиталык бирдиктүү станцияны куруу башталды
  • Араб-израилдик чыр-чатактарды чечүү жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды
  • Ядролук куралдарды жана толук класстагы ракеталарды кыскартуу
  • “Темир көшөгөнү” калыбына келтирүү башталды
Вопрос 70

СССРде айкындуулук саясаттын жыйынтыгы ..............................болгон.

Варианты ответов
  • Сталиндик репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоону баштоо
  • социалисттик коомдун тарыхына кызыгуунун төмөндөшү
  • мамлекеттик жашыруун сырларды алып салуу
  • коомдун тоталитардык системанын маңызын түшүнүүсү
Вопрос 71

1985-1991-жж. тиешелүү СССРдин тышкы саясатында кайсы маанилүү

   иштер болгон?

Варианты ответов
  • Европадагы социалисттик өлкөлөрдөн куралдуу күчтөрдү алып салуу
  • Кубага советтик ракеталарды жайгаштыруу
  • АКШ менен орто жана алыскы аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишим түзүү
  • Венгрияга советтик куралдуу күчтөрдү киргизүү
  • Афганистандан куралдуу күчтөрдү алып чыгуу
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт