Меню
Тесты
Тесты  /  Экология  /  Прочее  /  "Экологиянын негиздери" предмети боюнча тест

"Экологиянын негиздери" предмети боюнча тест

Avatar
22.04.2020. Тест. Экология, Прочее
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
"Экологиянын негиздери" предмети боюнча тест медициналык колледждин студенттерине тузулгон.

Список вопросов теста

Вопрос 1

"Экология" терминин биринчилерден болуп ким сунуштаган?

Варианты ответов
  • Э. Геккель
  • А. Тенсли
  • Э. Зюсс
Вопрос 2

Тирүү организмдерге таасир этүүчү жансыз жаратылыштын компоненттери кандай аталат?

Варианты ответов
  • Абиотикалык факторлор
  • Биотикалык факторлор
  • Антропогендик факторлор
Вопрос 3

Төмөнкүлөрдөн абиотикалык факторлорду тап...

Варианты ответов
  • Адам баласы тарабынан токойлордун кыйылуусу
  • Жыл мезгилдери боюнча температуранын өзгөрүшү
  • Жырткычтын олжосу менен азыктанышы
Вопрос 4

Экосистема деп эмнени айтабыз?

Варианты ответов
  • Зат айланууну жүргүзүүчү органикалык эмес компоненттердин жана организмдердин жыйындысы
  • Түрдүү өлчөмдөгү аймактардагы тирүү организмдердин жыйындысы
  • тирүү организмдердин жана чөйрөнүнү факторлорунун жыйындысы
Вопрос 5

Социалдык экология эмнени окутуп үйрөтөт?

Варианты ответов
  • Коомдук-табигый системаны
  • Айлана-чөйрөнүн абалына адамдын ишмердүүлүгүнүн таасирин
  • Адам коомунун өнүгүшүнүн перспективаларын
Вопрос 6

Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы популяциянын составына кирбейт?

Варианты ответов
  • Ар кандай түрдүн организмдери
  • Бир түрдүн организмдери
  • Ар кандай жаштагы организмдер
Вопрос 7

Жырткычтар табият коомдоштугунда кандай кызмат аткарат?

Варианты ответов
  • Популяциянын санына таасир тийгизбейт
  • Популяциянын санын өстүрүүгө көмөктөшөт
  • Популяциянын ден соолугун чындайт
Вопрос 8

Парниктик эффектини пайда кылуучу газдарга кайсылар кирет?

Варианты ответов
  • көмүр кычкыл газы, метан, азоттун оксиди
  • суутек, озон, аммиак
  • кычкылтек, асыл газдар
Вопрос 9

Атмосферанын булгануусунун негизги булагы болуп кайсы эсептелет?

Варианты ответов
  • Автомобиль транспорту
  • Биосферанын тиричилик аракети
  • Жылуулук -энергетикалык комплекстери
Вопрос 10

Биоценоз- бул, бири-бири менен байланышкан: (Туура жообун табыныз)...

Варианты ответов
  • Жандуу жана жансыз компоненттердин
  • Биргелешип жашаган ар кандай организмдердин түрлөрүнүн
  • Ар кандай организмдердин түрлөрүнүн жыйындысы
Вопрос 11

Туура түзүлгөн азык чынжырын аныкта:

Варианты ответов
  • түлкү – кирпи – чычкан – урук – карагай
  • урук – карагай – чычкан – кирпи – түлкү
  • чычкан – кирпи – урук – карагай – түлкү
Вопрос 12

Озон катмары каерде жайгашкан?

Варианты ответов
  • Тропосферанын алдыңкы катмарында
  • Стратосферанын алдыңкы катмарында
  • Тропосферанын жогорку катмарында
Вопрос 13

Өсүмдүктөрдүн заттардын айлануусундагы ролу:

Варианты ответов
  • Органикалык заттарды бузуучулар
  • Органикалык заттарды пайда кылуучулар
  • Минералдык заттарды керектөөчүлөр
Вопрос 14

Бири-бири менен байланышта жашаган организмдердин жана алар жашаган чөйрөнүн жыйындысы эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Экотоп
  • Ареал
  • Ландшафт
Вопрос 15

Экологиялык талаптары бирдей болгон түр арасындагы байланыштар эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Симбиоз
  • Жырткычтык
  • Атаандаштык
Вопрос 16

Биотоп деген эмне?

Варианты ответов
  • экосистемалардын гидрологиялык, климаттык, топурак факторлору
  • экосистеманын биотикалык факторлору
  • кургактыктын же көлмөнүн участогу
Вопрос 17

Жашоо чөйрө деп эмнени айтабыз?

Варианты ответов
  • организмдин жашоосу үчүн зарыл болгон факторлордун жыйындысы
  • организмдердин чөйрө шарттарына ыңгайлануусуна алып келүүчү факторлордун жыйындысы
  • тирүү организмдерди курчап турган жаратылыштын тирүү жана тирүү эмес элементтери
Вопрос 18

 Сууда активдүү кыймылдоочу организмдердин жыйындысы эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Планктон
  • Нектон
  • Бентос
Вопрос 19

Кишинин ден соолугу кандай  факторлордун таасиринде калыптанат?

Варианты ответов
  • Тукум куучулук, таза аба, жашоо мүнөзү, өнөр жай өндүрүштөрүнүн саны
  • Саламаттыкты сактоо, таза аба
  • Тукум куучулук, айлана-чөйрө,сергек жашоо мүнөзү
Вопрос 20

Көмүр, нефть, акиташ булар жаратылышта кандай заттар тобуна кирет?

Варианты ответов
  • Костук заттар
  • Биокостук заттар
  • Биогендик заттар
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт