Меню
Тесты
Тесты  /  Биология  /  8 класс  /  Кереметтүү заттар

Кереметтүү заттар

Avatar
04.02.2024. Тест. Биология, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Pisaга багытталган тест 8б класс үчун "Витаминдер" деген тема боюнча

Список вопросов теста

Вопрос 1

Кереметтүү заттар

Өткөн жүз жылдыктарда саякатчылар менен деңизде сүзүүчү адамдар узак убакыттарга чейин жаңы жашылчажемиштер жана азыктар менен азыктанышпаса көпчүлүк учурда жан кыйнаган ооруга кабылышкан. Алардын бүйлөлөрү көөп чыгып, канаган. Беттери шишип, алсырап, булчуң жана муундары чыдатпай ооруп, денеси көк аладай болуп канталап кеткен. Элде азыркыга чейин бул ооруну ит мурундун жана цитрустук өсүмдүктөрдүн мөмөлөрү менен айыктырышат.

Текстти окуп чыгып, берилген маалыматка таянып, суроого жооп бергиле.

1-суроо: Моряктардын массалык түрдө цинга оорусу менен оорушунун себеби эмнеде деп ойлойсуңар? Бир гана туура жоопту тандагыла:  

Варианты ответов
  • С витаминин жетишсиздиги
  • Оору жугуштуу
  • Д витаминин жетишсиздиги
  • А витаминин жетишсиздиги
Вопрос 2

Кереметтүү заттар

Учурда болжол менен 50дөй витаминдер белгилүү. Качан гана организмде витаминдер жетишпесе оору пайда болот. Эгерде организмде А витамини болбосо “күүгүм карыкма”, Д витамини жетишпесе- итий, В витамини жетпесе бери-бери, С витамини жок болсо цинга оорусу күч алат. Витаминдер адам организмине тамак-аш аркылуу келет. Ошондуктан кайсы азыкта кандай витаминдер көп кармалаарын билишибиз керек.

 Текстти окуп чыккыла жана суроого жооп бергиле.

 Сол жакта берилген ар бир элементке оң жактагы элементтердин ичинен дал келгенин табыңыз. Бир сандын тушуна бир тамга жазылат.

2-суроо: Кайсы азык кайсы витаминди кѳбүрѳѳк кармап жүрѳт? Курамында белгилүү бир витаминди кѳп кармаган азык менен витаминдин аталышын дал келтиргиле. Ѳз жоопторуңарды таблицага жазгыла: Азыктар Витамин

1 Балык майы, тресканын боору, уйдун боору, татымал чөптөр        Ф

2 Кара карагат, ит мурун, лимон, кычкыл капуста, алма                    D

3 Коон, сабиз, помидор, кызыл калемпир                                          В

4 Тазаланбаган күрүч, кара буудай, бөйрөк, жумуртканын сарысы    С

                                                                                                         А

Варианты ответов
  • D
  • C
  • А
  • В
Вопрос 3

Кереметтүү заттар

Айнура менен Айжан туура тамактанууга өтүүнү чечишти. Азыктагы витаминдерди кантип сактап калууга болот? - деп талашып кетишти. Айнура мындай деди: - Тамак жасаардын алдында гана жашылчаларды тазалап, кессе алда канча жакшы болот, ал эми кайнаткан маалда мискейдин капкагын жаап коюш керек. Айжан болсо: -Жашылчаларды тазалап, кесип бир жумага алдын ала даярдап муздаткычка салып койсо болот-деди. Бул болсо убакытты үнөмдөйт. Ал эми кайнаткан убакта капкактын ачык же жабыгы маанилүү деле эмес, анткени азык баары бир суунун ичинде болот.

Текстти окуп чыгып, берилген маалыматка таянып, суроого жооп жазгыла.

3-суроо: Кимиси туура? А. Айнура Б. Айжан

Себебин түшүндүргүлө. Өз жообуңарды жазгыла:____________________

Вопрос 4

Кереметтүү заттар

Айнура азыктардагы витаминдерди сактап калуу үчүн баарынан жакшысы жашылчажемиштерди чийки түрүндө пайдаланган жакшы деди. Ал өз сөзүн тажрыйбанын негизинде далилдегиси келди. Йоддун эритмесин суу менен аралаштырып, аны крахмалдын клейстерине ал көк түскө боелгонго чейин куйду. Аны эки чөйчөкчөгө бөлүп, биринчисине 1 мл апельсиндин жаңы сыгылып алынган ширесинен, экинчисине 1 мл дүкөндөн сатып алынган апельсиндин ширесин куйду. Апельсиндин жаңы сыгылып алынган ширеси тамызылган крахмалдын клейстери түссүз болуп калган, ал эми экинчинин өңү өзгөргөн эмес

 Текстти окуп чыгып, берилген маалыматка таянып, суроого жооп жазгыла.

4-суроо: Түшүндүргүлө, эмне себептен апельсиндин жаңы сыгылып алынган ширеси йоддун эритмесин түссүз кылып жиберсе, ал эми дүкөндөн сатып алынган апельсиндин ширеси йодду түссүз кылган жок?

Өз жообуңарды жазгыла: ------------------------------------

Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт