Меню
Тесты
Тесты  /  Родной язык и литература  /  10 класс  /  Кыргыз тили, тест, 10-класс үчүн

Кыргыз тили, тест, 10-класс үчүн

Avatar
19.05.2020. Тест. Родной язык и литература, 10 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Өтүлгөн темаларды бышыктайбыз. Билимиңерди текшергиле.

Список вопросов теста

Вопрос 1

Үндөштүк закону сакталган сөздү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • тоолордо
  • адабиятчы
  • жарыя
  • операция
Вопрос 2

Үндөштүк закону сакталбаган сөздү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • көрүнүш
  • күлүк
  • сөздөр
  • касиеттүү
Вопрос 3

Орфоэпиялык эрежеге ылайык сөздү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • таап алды
  • качты
  • сөзсүз
  • үссүн
Вопрос 4

Өтмө маани катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Алтын кымбат, баалуу, сары түстүү металл.
  • Тишин алтындан жасатты.
  • Кум-Төрдөн алтын казылып алынып жатат.
  • Алтындай болгон убактысын кетирди.
Вопрос 5

Тѳмѳнкү сѳздѳрдѳн омонимге мисалды белгилеңиз.

Варианты ответов
  • асман
  • үй
  • китеп
  • эмгек
Вопрос 6

Чырайлуу деген сѳзгѳ синонимди белгилеңиз.

Варианты ответов
  • барктуу
  • келишимдүү
  • жугуштуу
  • табылгалуу
Вопрос 7

Берилген фразеологизмге мааниси жагынан жакын кайсы сѳздү колдонууга болот?

Каш менен кабактын ортосунда.

Варианты ответов
  • тез
  • ыкым
  • коркуу
  • уялуу
Вопрос 8

Кыймыл-аракеттин башталышын билдирген этиштин татаал формасы катышкан мисалды белгилениз

Варианты ответов
  • Жыйналышка чогула баштагыла.
  • Атайын адистер айтып келди.
  • Аюу тартылгандыгын билип келе жатат
  • Айтылгандарды жазып отурду.
Вопрос 9

Тыныш белгиси туура коюлган мисалды белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Бир акылман айткан экен: “Чынчыл, ак ниет, адилет бол”.
  • Бир акылман айткан экен, чынчыл, ак ниет, адилет бол.
  • Бир акылман айткан экен чынчыл, ак ниет, адилет бол
  • Бир акылман: айткан экен, “Чынчыл, ак ниет, адилет бол”
Вопрос 10

Асты сызылган сөздөрдөн аныктоочтук милдетти аткарган мисалды белгилеңиз.

Варианты ответов
  • Эмгектин түбөлүктүүлүгү жөнүндө айтып берди

  • Биздин эмгегибиз көпкө чейин даңктала берет

  • Ушул мезгил бизди көптөн бери күттүрдү.

  • Көптөн күткөн мезгил да келди

Вопрос 11

. Берилген текст иш кагаздарынын кайсы түрүнө тиешелүү экендигин белгилеңиз.

Мен Бекбоосун кызы Калича,Балыкчы айылынын жашоочусу драм театрдан 5 көйнөктү 10 күнгө алдым.2020-жылдын 5-апрелинде кайтарып берүүгө милдеттенем.

Варианты ответов
  • түшүнүк кат
  • мүнөздөмө
  • тил кат
  • арыз
Вопрос 12

Туура жазылган сөздөрдү белгилеңиз.

Варианты ответов
  • ата баба, ата мекен
  • экс спикер, бирден бир
  • чай пай, акыл эс
  • жан-жаныбар, күч-кубат
Вопрос 13

Берилген татаал сүйлөмдүн курамында канча жөнөкөй сүйлөм бар экендигин белгилеңиз.

Аргымактын жакшысы азыраак оттоп көп жуушайт азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп көп тыңшайт.

Варианты ответов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
Вопрос 14

Кайсы катардагы сүйлөмдө биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнө багынып турат?

Варианты ответов
  • Өзүнө тиешелүү жери болот, же болбосо көпчүлүккө тишелүү болот
  • Алгач кепти өзү баштаган, андан кийин сөздү башкаларга берди
  • Чукул кирип келди да, сөздөрүн бат-бат айтты.
  • Минген аттарбыз чарчап, жүрүшүбүз жайлап баштады.
Вопрос 15

ТЕКСТТИ КӨӉҮЛ КОЮП ОКУП, №16-20 ЧЕЙИНКИ ТАПШЫРМАЛАРДЫ ТЕКСТТИН НЕГИЗИНДЕ АТКАРЫӉЫЗ.

Айтикенин эрки да, өмүрү да баланын колунда сыяктуу эле. Бала көңүлсүз болсо, Айтике кайгынын дарыясына түшөт. Баласы көңүлдүү болсо, таалайдын тактысында отургандай кубанат. Баласы ыйласа, өзүнүн сөөгүн бирөө чагып жаткандай сыздайт. Өзүнүн жашыктыгын дайыма каргайт. «Бала үчүн менин көз жашым оор» деп түшүнөт, бирок аны баладан жашырууга күчү келбейт.

Айтикенин сөөгү эмне үчүн сыздайт?

Варианты ответов
  • бирөө чапкан үчүн
  • кайгынын дарыясына түшкөн үчүн
  • баласынын ыйлаганы үчүн
  • аялынан ажыраганы үчүн
Вопрос 16

Кайсы катардагы сүйлөмдө асты сызылган сөз тике маанисинде колдонулду?

Варианты ответов
  • Көчөлөр гүлдөй болуп кооздолду

  • Көчөлөргө гүлдөрдү отургузуу башталды.

  • Сахнада кыздар гүлдөй бажырайып чыга келди.

  • Спорттук олимпиада адамдар гүлдөй болуп ачылды

Вопрос 17

 Эмнеге Айтикенин эрки да, өмүрү да баланын колунда?

Варианты ответов
  • Баласы акылдуу, ошондуктан баласына ишенет
  • Анткени баласын аябай жакшы көрөт
  • Анткени Айтикенин баласынан башка эч кими жок. Баласы үчүн жашайт, аны медер тутат.
  • Баласы иштеп көп акча табат, б.а. баласы тапкан акчага көз каранды.
Вопрос 18

Берилген текстте кандай тема камтылган?

Варианты ответов
  • мекен, эл-жер
  • жаратылышты сүйүү
  • сүйүү
  • ата менен баланын мамилеси, атанын сүйүүсү, камкордугу
Вопрос 19

Айтике Эмне себептен ыйлайт, жашык болуп калган?

Варианты ответов
  • кубангандан жашыйт
  • карыган кишилер жашык болуп калышат
  • турмуштун кыйынчылыгын, жокчулукту, жалгыздыкты башынан өткөргөндүктөн, кыйналгандыктан, б.а. турмуш анны жашык кылган
  • табиятынан ыйлаак, жашык киши
Вопрос 20

Текст ким тарабынан баяндалып жатат?

Варианты ответов
  • Айтике тарабынан
  • белгисиз адам тарабынан
  • баяндамачы тарабынан
  • автор тарабынан
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт