Меню
Тесты
Тесты  /  Биология  /  8 класс  /  Вакцина

Вакцина

Avatar
29.01.2024. Тест. Биология, 8 класс
Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Pizaга багытталган тест 8а класс үчүн "Вакцина" деген тема боюнча

Список вопросов теста

Вопрос 1

Вакцинация

17-кылымдын ортосуна чейин дээрлик бардык адамдар чечек оорусу менен ооруган. Болжол менен бул оорудан ар бир 12 адам каза болгон. 18-кылымда англис фермерлери уйдун чечеги адамга жугуштуу экендигин, бирок ал аны ѳлүмгѳ алып келбей тургандыгын байкашкан. Фермада жаныбарлар менен иштеп, уйдун чечеги менен ооруган жумушчулар, чыныгы чечек менен эч качан оорушкан эмес. Дарыгер Эдвард Дженнердин байкагычтыгынын негизинде бул ѳлүмгѳ алып келүүчү оору биротоло токтогон.

Текстти окуп чыккыла. Берилген маалыматтарга таянып жооп бергиле.

1-суроо: Эдвард Дженнер чыныгы чечек оорусун кантип токтотту?

Ал...иштеп чыкты. Көп чекиттин ордуна бир гана туура жоопту тандагыла:

Варианты ответов
  • ооруга каршы вакцинаны
  • антителасы бар айыктыруучу сыворотканы
  • плазмадан кан сывороткасын
  • дары препаратты
Вопрос 2

Вакцинация Эдвард Дженнер уйдун желининдеги чечек ыйлаакчаларынан чыккан суюктуктан бир аз алып, аны адамдын терисиндеги тытылган жерине сүрткөн. Ооруну жугузган адам чечектин жеңил формасы менен ооруган. Мындай жол менен эмделген адамдар эч качан чечек оорусу менен ооруган эмес.

как победили оспу в россии

 Текстти окуп чыккыла. Берилген маалыматтарга таянып жооп бергиле.

2-суроо: Эмне себептен эмделген адамдар чечек оорусу менен оорушкан эмес? Бир гана туура жоопту тандагыла:

Варианты ответов
  • эритроциттер оорунун козгогучтарын алар көбөйгөнгө чейин жеп салат
  • кызыл кан клеткалары аларды ошол замат нейтралдаштырат
  • лимфоциттер бул оорунун козгогучтарына каршы антителаларды иштеп чыгат
  • микробдор адамдын дене температурасынын таасиринен улам өлүшөт
Вопрос 3

Вакцинация

Кийинчерээк вакцинация ыкмасы башка көптөгөн ооруларга каршы иштелип чыкты. Вакцинация миллиондогон элдерди полиомиелиттен, кызамыктан, көк жөтөлдөн, селейме ооруларынан сактап калды. Ошол эле убакта дүйнө жүзү боюнча миокард инфаркты, инсульт, гипертония, нерв системасынын оорулары, кант диабети ж.б. оорулардын саны өсүп жатат.

 Текстти окуп чыккыла. Берилген суроого туура жооп бергиле.

3-суроо: Кайсы ооруларда вакцинаны саят? Бир гана туура жоопту тандагыла:

Варианты ответов
  • жугуштуу ооруларда
  • дарысы жок ооруларга
  • тукум кууган ооруларда
  • рак ооруларында
Вопрос 4

Вакцинация

Сасык тумоо-бул бардык улуттагы жана жаш курактагы балдарды, эркектерди, аялдарды жабыркатуучу оор вирустук жугуштуу оору. Сасык тумаоонун эпидемиясы ар жылы муздак мезгилдерде күчөйт. Сасык тумоо менен КРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) акырындык менен ден-соолукту бузуп, адам өмүрүнүн орто жашоо узактыгын бир нече жылга кыскартат.

 Текстти окуп чыккыла. Берилген суроого туура жооп жазгыла.

4-суроо: Эмне себептен сасык тумоого каршы вакцинация биринчи кезекте карыган адамдар менен жаш балдарга жасалышы керек? Бир себебин көрсөткүлө.

Өз жообуңарды жазгыла:

Вопрос 5

Вакцинация

Айнура жолдо бара жатып дос кызына жолугуп калды. Ал мурдун тартып, кайра-кайра чүчкүрүп жаткан. Бул аллергиянын белгилерине окшош эле. Бирок, дос кызы Айнурага сасык тумоо болуп жаткандыгын жана ага да жугуп калышы мүмкүн экендигин эскертти.

Грипп. Часто задаваемые вопросы

 Текстти окуп чыккыла. Берилген суроого туура жооп бергиле.

5-суроо: Төмөндө аллергия жана сасык тумоо ооруларынын белгилери берилген. Алардын кай бирлери сасык тумоого да, аллергияга да тиешелүү болсо, айрымдары тек гана сасык тумоого гана тиешелүү. Оорунун белгилеринин ичинен тек гана сасык тумоого тиешелүүлөрүн тандагыла: Бардык туура жоопторду белгилегиле:

Варианты ответов
  • мурундан суунун агышы
  • чүчкүрүү
  • көздөн жаштын агышы
  • температура
  • булчуңдардын оорушу
  • мурундан суунун агышы
Пройти тест
Сохранить у себя:

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт