Меню
Разработки
Разработки  /  Родной язык и литература  /  Презентации  /  9 класс  /  Аман саспаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы

Аман саспаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы

Аман Саспаевдин өмурү жана чыгармачылыгындагы маанилүү учурлар чагылдырылды.
13.05.2020

Содержимое разработки

 Кыргыз адабияты.   9-класс  Мугалим: Алыбаева Айжан

Кыргыз адабияты.

9-класс

Мугалим: Алыбаева Айжан

Сабактын темасы: Аман Саспаевдин  өмүрү жана  чыгармачылыгы

Сабактын темасы: Аман Саспаевдин

өмүрү жана

чыгармачылыгы

Сабактын максаты: 1.Аман Саспаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышасыңар. 2. Жазуучунун жасаган иштери тууралуу маалымат алып, ой жүгүртүүңөрдү өстүрөсүңөр. 3. А. Саспаевдин өмүрү, чыгармачылы тууралуу маалымат алуу менен мекенди сүйүүгө, эмгекчилдикке тарбияланасыңар.

Сабактын максаты:

1.Аман Саспаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышасыңар.

2. Жазуучунун жасаган иштери тууралуу маалымат алып, ой жүгүртүүңөрдү өстүрөсүңөр.

3. А. Саспаевдин өмүрү, чыгармачылы тууралуу маалымат алуу менен мекенди сүйүүгө, эмгекчилдикке тарбияланасыңар.

 Аман Саспаев 1929–жылы 15–октябрда Түп районуна караштуу Кең–Суу айылында туулган. (бирок бул так эмес, паспортумда ушинтип жазылып калган дейт өзү) Атасы Саспа 1930- жылы каза болгондон кийин энеси майда балдары менен төркүндөрүн пааналайт. 1933-жылы колхоз, совхоз уюштурулуп, чоң таятасы таанымал , миң жылкылуу Сарыбай болгондуктан «байдын тукуму»деп апасын жана таекелерин коллективдешкен чарбага кабыл албай коюшат. Ошол себептүү Кытайга качып, жөө-жалаңдап барышкан экен.

Аман Саспаев 1929–жылы 15–октябрда

Түп районуна караштуу Кең–Суу айылында туулган. (бирок бул так эмес, паспортумда ушинтип жазылып калган дейт өзү)

Атасы Саспа 1930- жылы каза болгондон кийин энеси майда балдары менен төркүндөрүн пааналайт. 1933-жылы колхоз, совхоз уюштурулуп, чоң таятасы таанымал , миң жылкылуу Сарыбай болгондуктан «байдын тукуму»деп апасын жана таекелерин коллективдешкен чарбага кабыл албай коюшат. Ошол себептүү Кытайга качып, жөө-жалаңдап барышкан экен.

 Ал жакка баргандан кийин апасы Имаш деген кишиге турмушка чыгат. Ошентип,көр оокаттын айынан бай уйгурларга малай болуп, өгөй атасы чөп чаап, мал багып, апасы бирөөлөрдүн кийимин жууп тирилигин кылышкан. 1937-жылы Аман Саспаев Кытайдын Тогуз-Торо уездине караштуу Моюн-Күзөр айылындагы уйгур мектептен окуп, араб тамгасы менен сабатын ачат. Кийин Тогуз-Торонун Жаңы-Шаар деген айылында, Кулжа шаарында уйгур, казак мектептеринде окуп билим алган. Ошол жерден көркөм адабият жөнүндө түшүнүк алган.

1940-жылы Кара-Кулжадагы уйгур мектебинде окуган. 1946-жылдан баштап уйгурча, казакча гезиттерге кабар жазып, анда-санда казакча ырларды, кабарларды да жаза баштаган. Ошентип редакция ага «Активдүү кабарчы» деген мактоо кагазын берип, уйгур гезитине атайын кабарчы кылып алган. Ошол жерден ал кыргыз жазуучуларынын казакча, уйгурча окуп, кыргыз адабиятына аздап кызуугуусу арта баштаган.

1940-жылы Кара-Кулжадагы уйгур мектебинде окуган.

1946-жылдан баштап уйгурча, казакча гезиттерге кабар жазып, анда-санда казакча ырларды, кабарларды да жаза баштаган. Ошентип редакция ага «Активдүү кабарчы» деген мактоо кагазын берип, уйгур гезитине атайын кабарчы кылып алган.

Ошол жерден ал кыргыз жазуучуларынын казакча, уйгурча окуп, кыргыз адабиятына аздап кызуугуусу арта баштаган.

 Ар кандай мекемелерде маяна алып, иштеп жүрүп, зеригип, окусам деген тилек менен окуу издеп Кулжа шаарына барып, «Билим юрти» деген окуу жайынын 9-казак классына кирет. 1949-жылы Кулжа шаарындагы гимназияны аяктагандан кийин 30 баланын ичинен Аман Саспаевди жакшы окугандыктан, кайра ошол окуу жайга мугалим кылып алып калышкан. Адис жетишсиз болгондуктан, физика, казак адабияты, биологиядан да мугалим болгон.

 1948–1949-жылдары

1948–1949-жылдары "Инкилаби шаркий Туркестан" гезитинде Текес, Мунгул-Күрөө уезддери боюнча атайын кабарчы болуп иштеген. 1952–1956-жылдары Пекиндеги борбордук улуттар институтуна өтүп, кытай тилиндеги филология факультетинде окуган. 1956-жылы Үрүмчүгө келип, "Эл басмасынын" кыргыз секторунда редактор, жооптуу сектор башчысы болуп эмгектенген. Ушул убакытта улуттук кадрлар арасында "Стилди түзөө" деген саясий компаниянын иши башталат. Ал кытайдын улуттук саясатына башталган кыймыл болчу. Саспаев ал компанияга кокусунан кабылып "оңчул" аталат.

Жазуучу окурмандарга

Жазуучу окурмандарга "Парторг" романы, "Сарала ит", "Тоо чабалекейи", "Татым туз«, «Мурат» өңдүү чыгармалары менен таанымал. Анын айрым аңгемелери орус, француз, кытай, латыш, татар, башкыр, казак, уйгур, каракалпак тилдерине которулган. Ал чыгармаларын уйгур, казак тилдеринде да эркин жазган.

  А. Саспаев узак жылдар бою кытай тилин изилдеп жүрүп, 55 миң сөздү камтыган 91 басма табак көлөмүндөгү

А. Саспаев узак жылдар бою кытай тилин изилдеп жүрүп, 55 миң сөздү камтыган 91 басма табак көлөмүндөгү "Кытайча-кыргызча сөздүк" түзгөн.Аны 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата жарыкка чыгарган. Окумуштуу катары ал түзүп кеткен кыргыз-кытай сөздүгү А. Саспаевдин өмүрүнө арзый турган иш болду. Мындай эмгек башка түрк тилдүү элде жок. Эгер А. Саспаев болбогондо кыргыз маданиятында мындай сөздүк жаралбайт эле.

1962-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келет.   Кыргызстанга келгенден кийин аңгемелерин жаза баштаган. 1963-жылдан баштап бардык гезит, журналдарга чыгармалары жарыялана баштаган..Тунгуч «Гүлкайыр» китеби жарык көрүп, жазуучулар союзуна кабыл алынган

1962-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келет.  

Кыргызстанга келгенден кийин аңгемелерин жаза баштаган. 1963-жылдан баштап бардык гезит, журналдарга чыгармалары жарыялана баштаган..Тунгуч «Гүлкайыр» китеби жарык көрүп, жазуучулар союзуна кабыл алынган

 Көп өтпөй жазуучу «Сара ит» деген аңгемесин жазат. Ушул чыгармасы жарыялангандан кийин ал туурасында «Советтик Кыргызстан гезитине сын жазылып, ошондон баштап бардык басмаларга «жек көрүндү» болуп, Мекенине келип, калем акы менен араң жан багып жатканда, бир нече жыл бою редакциялардын эшиги ал үчүн жабылды. Б.а. чыгармалары басмадан чыкпай калды. Ошол учурда ал трактористтик курсту бүтүп, трактор айдап, талаачылыкта иштеп, алма бакта корукчу болуп иштеген.

 1966-жылга чейин туулган айылы

1966-жылга чейин туулган айылы "Санташ" совхозунда жумушчу, тракторист болуп эмгектенген. 1967–1988-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчи болуп иштеп, 1971–1973-жылдары Москвадагы Максим Горький атындагы адабий институтунун жогорку адабий курсунан окуган .

   Өчкөн өмүр.  Жазуучу өмүрүнүн акырына чейин Каракол шаарында жашап, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде иштеди. Ал 86 жаш курагында дүйнө салып, сөөгү Түп районунун Кең-Суу айылына коюлган.

Сыйлыктары  А.Саспаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.  1994-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардак наам берилген.  Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин профессору.

Сыйлыктары

  • А.Саспаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • 1994-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардак наам берилген.
  • Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин профессору.
 Өтүлгөн тема боюнча силерге суроолор  жана тапшырмалар: 1. А. Саспаевдин балагы кайда жана  кандай өткөн? 2. Анын Кытайга кетишинин себеби  эмнеде деп ойлойсуңар? 3. Ал кыргыз тилинен башка кайсы  тилдерди билген?

Өтүлгөн тема боюнча силерге суроолор

жана тапшырмалар:

1. А. Саспаевдин балагы кайда жана

кандай өткөн?

2. Анын Кытайга кетишинин себеби

эмнеде деп ойлойсуңар?

3. Ал кыргыз тилинен башка кайсы

тилдерди билген?

4. А. Саспаев түзгөн сөздүк эмне  деп аталган? 5. Ал мекенине качан, кантип кайтып  келген? 6. А. Саспаев кандай адам болгон экен?

4. А. Саспаев түзгөн сөздүк эмне

деп аталган?

5. Ал мекенине качан, кантип кайтып

келген?

6. А. Саспаев кандай адам болгон экен?

Аман Саспаевдин өмүрү жана чыгармачылыгын окуу китебиңерден окуп, жогорудагы суроолорго жооп жазып, жөнөтөбүз.

Аман Саспаевдин өмүрү жана чыгармачылыгын окуу китебиңерден окуп, жогорудагы суроолорго жооп жазып, жөнөтөбүз.

Саламатта калгыла.

Саламатта калгыла.

-75%
Курсы повышения квалификации

Занимательное искусствознание: как научить школьников понимать искусство

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Аман саспаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы (203.52 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт