Меню
Разработки

Тарбия саат 8-класс

Класстык саат
06.05.2020

Содержимое разработки

ФОРУМДАРДЫН ЖҮРҮШҮНДӨ АНЫКТАЛГАН РЭКЕТТИН СЕБЕПТЕРИ


Форумдун катышуучулары талкуулардын жүрүшүндө мектептерде рэкеттин анык бар экендигин жана анын чоң масштабга айлангандыгын ачык айтышты. Форумдун катышуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде рэкеттин пайда болушунун эң негизги себептерине төмөнкүлөрдү көрсөтүштү:

1) үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздиги, көр оокаттын айынан көп иштеген жана чет өлкөлөргө чейин акча табуу максатында кеткен ата-энелердин баласынын жүрүм-турумун көзөмөлдөй албагандыгы, балага толук кам көрө албагандыгы;

2) өспүрүмдөр арасында өз ордун табуу аракети. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, мугалимдер жана балдардын өздөрү белгилегендей, рэкетчилик өспүрүмдөрдүн кээ бирлери үчүн өзгөлөрдөн кыйындыгын, артыкчылыгын шарттаган түшүнүк катары бааланат. Окуучулардын айтуусу боюнча рэкетчилик өспүрүмдөр арасында бийлик үчүн күрөш, башкаларга үстөмдүк кылуу, коркутуу, «тандамал чөйрөгө» кирүү, назарга илинбей калуу коркунучунан келип чыгат;

3) рэкетчиликке кабылган балдар мугалимдерге, ата-энелерине ишеним артышпайт, себеби көп учурда чоң кишилер мындай маселени чечүүдө катаал, чогоол иш жүргүзүү менен рэкеттин курмандыгын ашыкча коркунучка дуушар кылышат;

4) мектепте рэкет бар экендигин билип турушса да элге таралып кетүүдөн жана кошумча көйгөйлөрдөналда неме болуп кетет») корккон мугалимдердин унчукпай коюусунда; ата- энелер балдарынын саламаттыгы үчүн коопсузданыпбалага мындан да жаман болбосун») деп кооптонушканда; балдардын өздөрү кемсинтүүдөн, уруп-согуудан коркуп унчукпай коюусунан улам жазасыздык күчөйт. Доочуну ашып кетсе, жашы жете электердин иши боюнча бөлүмүнө каттоого коюшат, көбүнчө жоопкерчиликтен бошотуп коюшат. Балдардын айтуусу боюнча, мектеп жетекчилерине рэкетчини тарбиялап түзөтүүдөн көрө, башка окуу жайына которуп жиберип, кутулуу оңой;

5) окуучулардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалынын ар түрдүүлүгү;

6) бош убактыларын туура пайдалануу уюштурулбагандыгы. Форумдардын көпчүлүк катышуучулары белгилегендей, рэкетчиликтин негизги себептеринин бири болуп, балдар бош убактысында эч нерсе менен алектенбегендиги, өкмөт тарабынан каржыланган ийрим жана секциялардын жокко эсе экендиги эсептелет;

7) криминалдык чөйрөнүн таасири көбөйгөндүгү кооптондурууда;

8) балдардын өз укуктарын коргоо механизмдерин билбегендиги, өзү теңдүү өспүрүмдөргө, ал өзүнөн алсыз болсо да, каршы тура албагандыгы;

9) өсүп келе жаткан муунду тарбиялаган мекемелердин мамлекет тарабынан жетишсиз каржыланышы, мугалимдин коомдогу төмөн макамы;

10) оюн-зоок мекемелердин көптүгү жана балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карабай эшиктеринин ачыктыгы;

11) мыйзам чыгаруу базасынын начардыгымыйзамдар бар, бирок алар иштебейт»);

12) ювеналдык юстициянын жоктугу











ТОБОКЕЛ ТОБУ

Форумдардын алкагында өткөрүлгөн талкуулардын жыйынтыгына иш жүзүндө таянып, тобокелдеги балдардын тобун бөлүп кароого болот.

Тобокел тобубул кандайдыр бир укук бузуучу кыймыл-аракеттерди жасоого, талап-тоноочулукка берилчү жана алардын курмандыгы болчу балдар.

Укук бузууга жөндөмдүү балдардын бир бөлүгүн сыртынан жайында эле көрүнгөн,оокаттуу үй-бүлөлөрдүн балдары түзүшөт. Бул балдарга, өздөрү эмнени кааласа, ошону алып коюу көнүмүш нерсе, анткени ата-энелери эч нерсени аянышпайт.

Башка бир бөлүгүн жетишпей жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары түзүшөт, алардын каалаганына жетүүгө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Белгилеп кетчү нерсе, кедейдин да, байдын да балдарын талап-тоноочулукка барууга ички дүйнөнүн калыптанбагандыгы, адамдык сапаттарды баалабоосу, өзүндө бар укуктардын башкаларда да болуусу кажет экендигин түшүнбөстүктөрү түрткү болот.

Үчүнчү бөлүгүн «курмандык болгон» балдар түзүшөт. Көбүнчө булар тартынчаак, өздөрүнө ишенишпеген, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалай албаган балдар. Бул балдар теңтуштары менен мамиле бузуудан, араздашууга баруудан коркушуп, тез баш ийишет да рэкеттин курмандыгына айланышат.


ОКУУЧУЛАРДЫН УКУК БУЗУУЧУ ЖҮРҮМ-ТУРУМУНУН АЛДЫН АЛУУ


Жашы жете электердин укук бузуусунун алдын алуу системасын кароодон мурда, алгач кылмышты эскертүү жоболоруна көңүл буруу керек. Кылмышты эскертүүбул адамдарды, коомду, мамлекетти кылмыштан сактоо, андан да түз маанисиндемамлекеттин жана коомдун чара көрүү тармагынкылмышты четтетүүгө, болбосо жок кылууга, кылмыштын себептерин жана шарттарын азайтууга, кылмышка баруудан сактоого, жана укук бузгандардын жүрүм-турумун түзөтүү жагдайына буруу. Алдын алуу иш-аракеттери жашы жете электердин кылмышка баруусундагы ченемдик актыларды гана ишке ашырбастан, билим берүү, социалдык коргоо, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү актыларды да ичине камтыйт. Эгерде мамлекет балдардын кылмышка баруусун улуттун кадыресе кемчилиги катары көрсөткүсү келбесе, анда кылмыштын алдын алууну, балдарды кылмыштан сактоону улуттук идея кылып алышы керек.

Балдардын кылмышка баруусунун себептери көп, анын бири өспүрүмдүн өзүнүн кылган ишине жоопкерчиликти акыр-аягына чейин түшүнбөгөндүгү. Акылы толо элек жеткинчектер өздөрүнүн жосунсуз кылык-жоруктарын жашы жете электигине байланыштуу кылмыш деп эсептешпейт, демек жоопко тартылбайт, себеби кылмыш жообуна тартуу жалпы жонунан 16 жашка толгондон башталат, ошондуктан ар бир үчүнчү өспүрүм өздөрү айткандай «баары бир отургузбайт» деп ойлошот.

Бирок Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамы 16 жашка толо электерди кылмыш жообуна тартууну белгилейт. Айрым учурда, кылмыш кодексине ылайык, саламаттыкка атайлап оор залал келтиргенде

14 жаштан кылмыш жообуна тартылат (104‑берене),

саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтиргенде (105‑берене),

уурулук (164‑берене),

тоноо (167‑берене),

каракчылык (168‑берене),

опузалап талап кылуу (170‑берене),

оорлотуучу жагдайдагы хулиганчылык (234‑берененин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү).



Аныгында, өкүм чыгаруууда сот күнөөлүүнүн жашы жете электигин жеңилдетилген жагдай катары карайт жана төмөнкүдөй жазаларды колдонот:

коомдук иштерге тартуу; • айып салуу (штраф);

зыяндын чыгымын төлөө менен эл алдында кечирим суроо;

түзөтүү жумуштары;

эркиндигин чектөө;

эркинен ажыратуу.

Эгерде жашы жетпеген күнөөкөргө шарттуу соттоо дайындалса,жана сыноо мөөнөтүнүн ичинде анча оор эмес жаңы кылмыш жасаса, сот иштин жагдайын жана айыптуунун оң сапаттарын эске алуу менен жаңы сыноо мөөнөтүн белгилейт. Жашы жетпеген өспүрүмгө жаза белгилөөдө белгилүү бир милдеттерди аткарууну буюрат, мисалы, келтирилген чыгымды төлөө, ишке орношуу же окуу, каттоодон убагында өтүп туруу, жашаган жерин алмаштырбоо, сот аныктаган жерлерге барбоо, белгиленген убакыттан кийин өзү жашаган даректен чыкпоо, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү. Сот ошондой эле шарттуу түрдө жазага тартылган өспүрүмдүн оңолушуна өбөлгө түзө турган башка милдеттерди да колдонот. Сот жашы жете элек өспүрүмдү жазага тартууда жасалган кылмыштын өлчөмүнүн коомго коркунучтуулугуна, турмушу менен тарбия шарттарына, психикалык өнүгүшүнүн деңгээлине, инсандык башка өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурат жана улуулардын өспүрүмгө болгон таасирин эске алат.

Белгилей кетчү нерсе, жашы жете элек курак жеңилдетилген жагдай катары, жоопкерчиликти жеңилдеткен же оорлоткон башка жагдайларды кошкондо гана эсептелет. Жашы жете электе жазага тартылгандарга, эгер ал 16 жашка чыга элек болсо жана биринчи жолу анча оор эмес же 22 өтө оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн, жана башка жашы жете элек кылмышкерлерге биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жазасы берилбейт. Биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы 14‑18 чейинки, жана өтө оор эмес кылмыш жасаган жашы 14‑16 чейинкилерге эркинен ажыратуу жазасы колдонулбайт. Жашы 18 ге жете элек кылмышкерлерге эркинен ажыратуу мөөнөтү төмөнкүдөн өтпөшү керек:

анча оор эмес кылмыш үчүн – 1 жыл;

өтө оор эмес кылмыш үчүн – 3 жыл; • оор кылмыш үчүн – 5 жыл;

өзгөчө оор кылмыш үчүн – 10 жыл.

Жаза мөөнөтүн белгилөөдө кылмыштарды жана өкүмдөрдү бириктиргенде эркинен ажыратуу мөөнөтүнүн эң жогорку чеги 10 жылдан ашпоосу керек. Күнөөкөр өкүм чыгаруу мезгилинде 18 жашка чыга элек болсо, жаза мөөнөтүн жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги тарбия берүүчү колонияларда өтөйт. Жаш өспүрүмдөрдүн «мен мас болчумун, кантип акча доолап, тоногонум эсимде жок» дегендери кылмыш жообуна тартылуудан сактап кала албайт, себеби Кыргыз Республикасынын кылмыш кодекси даана аныктагандай, спирт ичимдиктерин ичип алып мас абалында, же баңгизаттарын колдонуп, же башка акылдан адаштыруучу заттарды колдонуп алып жасаган кылмыштар жазага тартылат. Бирок жазанын түрү, жазаны өтөө ыкмасы бул укук бузуунун бир гана көрүнүшү.

Кылмышкерди жазага тартуу деген жөн гана берене эмес, жөн эле тергөө иштери эмес, жана эркинен ажыратпай жеңил-желпи жазага тартып койгон сот иши эмес, бул деген – соттолгондук, өспүрүм эр жетип, өзүнүн «жаш кезиндеги» жаңылыштыктарын эчак унутуп калса да, жумушка орношууда, чет өлкөгө чыгууда, жарандыгын алмаштырууда, же биротоло жер которуп көчүүсүндө дайыма эскертилип туруучу көйгөй экендигин убагында кимдир-бирөө айтып койгондо, өспүрүм өзүнүн «майда класстын баласынан жүз сом карыз» алгандыгынын натыйжасын


билгенде, ойлонуп иш кылмак. Мындай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү биринчи иретте ата-эненин милдети, бирок көп убакта, эки тараптуу чектен чыгууларды байкаса


болот, биринде ата-энелер балдарын тарбиялоо деп камсыздандырып турууну гана эсептешсе, экинчисинде, тескерисинче, ата- энелер өз милдеттерин аткарууга аракеттенбей, балдар көчөдө калып, таптакыр башка мыйзам менен - өлбөстүн күнүн көрүп калышат. Мындай болуп калбаш үчүн балдардын укугун коргоого атайын бекитилген уюмдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Кыргыз Республикасында мыйзам чегинде мындай уюмдарга - Балдарды коргоо Департаменти, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү, балдардын иштери боюнча комиссиялар кирет. Укук бузуунун алдын алууда үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрү өзгөчө роль ойношот, себеби үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

балдардын арасында укук бузууну эскертүү жана алдын алуу;

ата-энеси жок калган же кароосуз калган балдарды табуу;

кризистик кырдаалга туш болгон баланын абалын изилдеп, баалоо;

баланын мыйзамдык кызыкчылыктарын, укуктарын түзүлгөн кырдаалга жараша коргоо, анын ичинде алдын алуу, реабилитациялоо, коомдук реинтеграция кызматы;

ата-энесинин камкордугу жок калган балдарды муктаждыгына жараша орноштуруу;

баланы асырап алуучуларды, камкордукка алуучуларды, фостердик (убактылуу) үй-бүлөлөрдү тандоо;

камкордукка, тарбияга алынган балдардын эсебин жүргүзүү;

камкорчулардын, асырап алуучулардын, фостердик жана тарбиялоочу үй-бүлөлөрдүн өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөө;

балдардын жашоо укугун коргоого чара көрүү, керек болсо жашоо шартын түзүп берүү;

тарбия берүү мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде, социалдык коргоо мекемесинде, дагы ушул сыяктуу толук мамлекеттик каржылоодо турган мекемелердеги балдардын жашоо шартын, тарбиясын, билимин көзөмөлдөө;

балдардын мыйзамдык кызыкчылыктары жана укуктары бузулгандыгы жөнүндө кайрылган балдардын, жооптуу кызматкерлердин, мекемелердин жана жарандардын арыздарын кароо;

балдардын кызыкчылыктарын тергөө органдарында, прокуратурада, сотто коргоо;

ата-энелер менен баланын ортосундагы келишпестиктерде баланын укугун жана кызыкчылыктарын коргоочуну табуу жана табыштоо. Балдардын укуктарын коргоодогу дагы бир атайын мекеме болуп балдардын иштери боюнча комиссия эсептелет. Балдардын иштери боюнча комиссия үзгүлтүксүз иштеп турбайт, ал керек учурда атайылап түзүлөт. Комиссиянын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

ички иштер органынын өкүлү;

билим берүү, илим жана жаштар саясатынын өкүлү;

саламаттыкты коргоо органынын өкүлү;

эмгек жана социалдык коргоо өкүлү;

жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, райондук администрациянын өкүлү;

жарандык коомдун өкүлү.

Балдар кылмышынын алдын алуу жашы жете электерди көзөмөлдөгөн райондук администрациянын жана ага кызыкдар кызматкерлердин коллегиясында талкууга алынат. Чынында, мектеп окуучуларынын укук бузуусунун алдын алуу, мектепти таштап кеткен балдарды каттоого коюу иштерин милициянын аймактык тескөөчүсү инспектору менен мектеп администрацияларынын ортосунда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлүшү керек. Жашы жете элек


балдардын укук бузуусуна райондук балдардын иштери боюнча комиссиянын колдонгон чараларынын эң негизгиси болуп: айып салуу санкциялары, жашы жете элек өспүрүмдү каттоого коюу же реабилитациялык борборго жаткыруу эсептелет. Балдардын иши боюнча райондук комиссияларда каралган жашы жете элек укук бузуучуларга дагы


башка альтернативдүү чаралар көрүлүп, алардын кийинки тагдырын багыттоо керек. Балдардын иши боюнча комиссиялар, мектептер жана ички иштер органдары сыяктуу эле жашы жете элек балдардын укук бузуусунун ар бир себебин өзүнчө ар тараптан изилдеп карап, баланын жүрүм-турумунун өзгөрүү себебин аныктоого маалымат жыйнайт:

дене түзүлүшү жана психикалык саламаттыгы тууралуу маалымат;

мектептеги же башка окуу жайдагы жетишкендиктери тууралуу маалымат жана мүнөздөмө;

кошуналардын пикирлери, үй-бүлөнүн мүчөлөрү, ата-энеси тууралуу билдирүү;

баланын жашаган жери жана жашоо шарты жөнүндө маалымат;

киреше тууралуу маалымат;

достору жөнүндө, бош убактысын кантип өткөрүп, эмне менен алектенгендиги тууралуу маалымат.

Бул маалыматтар өспүрүмдүн кайсы бир укук бузуу кырдаалын туура чечип гана тим болбостон, жашы жете элек балдардын укук бузууларынын алдын алууга өткөрүлгөн иш-чараларды системага салып, талдоо үчүн керек. Алдын алуу үчүн балдарды кызыктырган ар кандай иш-чараларды өткөрсө болот. Бул мектептерде укуктук тематикада билимин жогорулатуу үчүн өткөрүлгөн иш-чаралар (класстык саат, тегерек стол, талкулоолор). Ички иштер органдарынын өкүлү (милициянын жергиликтүү инспекторлору) менен жолугушууну уюштуруу, жана алар менен биргеликте балдардын бош убактыларын кызыктуу өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Жаш жеткинчектердин укук бузуусуна каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу жана гумандуу жолу болуп жалпы социалдык эскертүүлөр, б. а. экономикалык, социалдык, саясий, укуктук, маданий жана балдардын жашоо шартын, кулк-мүнөзүн, социалдык тең укуктуулугун, элдин жалпы катмарын коргоого көрүлгөн иш-чаралар эсептелет.


УКУК БУЗУУНУН АЛДЫН АЛУУГА БАГЫТТАЛГАН

КӨНҮГҮҮЛӨР ЖАНА ОЮНДАР

«Чоң жана кичине «жок»» оюну Оюндун башында ар бир баладан «жок!» деп айтууну өтүнгүлө. Кээ бир балдар аларга бир нерсе жакпаганда «Жок» деп айтса да, акырын, тартынып айтышат, ошондуктан көп учурда элес алынбай калат. Балдарды «Жок» дегенди ачык, даана, так айтууга үйрөтүү керек. Бул үчүн кошумча ««жок» – деп айтканды үйрөнөбүз» деген көнүгүү өтүү керек.

Мугалим окуучуларга кайрылат: «Мен азыр силерге «жок» деген сөздү ар түрдүү кылып айтам. Силер угуп туруп, кайсы убакта «жок» деген сөз жакшы угулганын айтасыңар.

Кандай айтылган «жок» деген сөздөн өзүңөргө керектүү натыйжаны алдыңар».

1. Мугалим тетири карап, бир аз эңкейип «жок» деп акырын, шыбырап айтат.

2. Мугалим башын жогору көтөрүп, түздөнүп «жок» деп ачык, даана айтат.

Балдар варианттарды салыштырышып, экинчи жолу айтылган «жок» деген сөз туура экенин айтышат. Топтогулар экиден бөлүнүп, ар бир катышуучу акырын жана катуу «жок» деп айтышат. Максаты: баланы ачык, даана «жок» деп айтууга үйрөтүү. Ролдордо: өспүрүм, кичине бала, чоң кишилер. Оюндун куралдары: аттары жазылган баракчалар, жасалгалар жана оюнчуктар.



Кырдаалды ойногула: Кичинекей «жок» отургучта шоколад жеп отурат. Ал чынында эле кипкичинекей, тырнактай, анан жопжоош эле.

Бул жерге чоң семиз аял келип: «Сенин жаныңа отурсам болобу?» деп сурайт. Кичинекей «жок» акырын күбүрөйт: «Жок. Мен жалгыз отурайын дедим эле». Семиз чоң аял анын жообун уккан да жок, отургучка отуруп алды.




Анан алардын жанына бала келди: «Мен сенин шоколадыңды жесем болобу?» деди. Кичинекей «жок» акырын шыбырады: «Жок. Мен өзүм жегим келген». Бирок бала анын жообун укпай, кичинекей «жоктун» шоколадын тартып алып, жеп койду.

Андан кийин, бул бакчада кичинекей «жокту» мурда да көрүп жүргөн киши жакын келип: «Салам, кичинекей! Сен кандай сүйкүмдүүсүң! Мен сени өөп коёюнчу?» деди. Кичинекей «жок» дагы шыбырады: «Жок. Мени өбүшүңдү каалабайм». Бирок ал киши уккан да жок, жакын келип, кичинекей «жокту» өпкүсү келди. Ушул учурда, акыры «жоктун» чыдамы жетпей кетти.

Өйдө туруп, башын жогору көтөрдү да, үнүнүн болушунча «ЖО-О-ОКдагы бир жолу: «ЖОК! ЖОК! ЖОК! Мен өзүмдүн отургучумда жалгыз отургум келет, өзүмдүн шоколадымды өзүм жегим келет, мени өпкөндү да каалабайм. Мени жайыма койгула!» – деп кыйкырды

Семиз чоң аял да, бала да, киши да көздөрүн алайтып: «Эмне үчүн жана эле ошентип айткан жоксуң?» дешти да, өз жолдоруна түшүштү.

Азыр отургучта ким отурат? Жок, бул кичинекей «жок» эмес, азыр бул чоң «ЖОК». Ал азыр күчтүү, катуу, так айта алаарын ойлонуп отурат. «Демек ушундай экен да. Эгер дайыма акырын, тартынып, шыбырап «жок» десең, угушпайт экен. «ЖОК» деп ачык, даана айтыш керек». Ошентип кичинекей «жок» чоң «ЖОКко» айланды.

«Доочулук» оюну

Максаты: балага мындай кырдаалда өзүнүн коопсуздугун коргоо ыкмасын үйрөтүү: каршылык көрсөтпөстөн доолаган буюмун берип салуу керек. Мындай кылуу баланын коркоктугунан эмес, эң башкысы өмүр жана саламаттык, демек мындай учурдан аман-эсен, дени соо кутулууга аракет кылуу керек экендигин түшүндүрүү.

Оюндун кырдаалына сөзсүз кошумчалай кетчү нерсе: Доочулукту өздөрүнүн теңтуштары жасаган кырдаалды көрсөтүү (алына жараша каршылык көрсөтүү керек). Ролдордо: чоң кишилер, балдар (теңтуштар). Оюндун куралдары: аттары жазылган баракчалар, жасалгалар, уюлдук телефон, акча/

Оюндун кырдаалы: 1‑вариант. Бала досу менен келе жатат. Жолдон аларга жогорку класстын үч баласы тийишип, акча доолай башташат.

2‑вариант. Көчөдөн тааныбаган адам баалуу буюмдарды ( кыздардын жасалгаларын, акчаларын, уюлдук телефонун ж.б.) доолап жатат. Доочулук тоноого жакын, ошондуктан мындайга барган адамдардын эмне кылып жиберээри белгисиз.

Кандай болсо да, мындай нерсе зордук-зомбулукка алып келет, өзгөчө курмандык каршылык көрсөткөн кезде. Ошондуктан балага бул эрежени үйрөтүү зарыл: ден-соолугунун амандыгы – эң негизги баалуулук, калган нерсени жыйнап алса болот. Балдарга кырдаалды өздөрү баалап, коопсуз болууну өз алдынча тандап алууга үйрөтүү керек. Ойноо учурунда оюнчулар орун алмашып, курмандыктын да, доочунун да ролун ойношу керектүү шарт.

Доочунун ролун чоңдор да, теңтушу да аткарган учурду сөзсүз ойноо зарыл. Оюн бүткөндөн кийин катышуучуларга төмөнкү суроолор берилет:

бул ролду (доочуну, күрмандыкты) ойногондо эмнени сездиң;

оюнда эмнени ойлондуң жана эмне кылгың келди;


эмне үчүн так ушундай кылдың;

кандай кылганда коопсузураак болмок деп ойлойсуң;

эмне үчүн антип ойлойсуң;

доочу чоң киши болсо, доолап жаткан нерсесин унчукпай берип салган, коркоктукпу?

Оюндун жүрүшүндө мындай кылуу коркоктук эмес экенин, өзүнүн коопсуздугун сактоо керек экенин балдардын түшүнүүсүнө алып келүү зарыл. Доочулук кылып жаткан бала жашы тең курбалдаш болсо, анда буюмун бербөөгө аракет кылса болот, бирок өзүнөн чоң, күчтүү доочуларга каршылык көрсөтүү коркунучтуу, акылга сыйбаган иш.

КЛАССТЫК СААТ ӨТҮҮ ҮЧҮН КӨРСӨТМӨЛӨР


Баалуулуктар багыты бир бүтүндүктү элестеткен, түзүлүшү татаал, инсандык өсүштүн бардык психологиялык курамынын аныкталган мыйзамченемдүү карым-катнашын мүнөздөйт. Ар бир психологиялык курам баалуулуктар багытын түзүүдө өзүнчө мааниге ээ. Бойго жетүүнүн акыркы чеги – өткөөл мезгилде, өспүрүм жаштан өтүп, эрезеге жеткен кезде өз алдынча туруктуу түзүлүштөгү психологиялык билим катары баалуулуктар багыты түзүлөт. Баалуулук багытынын өсүшү окуучунун инсандык калыптануусунун белгилүү бир чегин көрсөтөт, мындай психологиялык түзүлүштөрдүн пайда болуусу, анын көз карашынын кеңейишине зор салым кошот.

Инсандык баалуулуктардын белгилүү системасы бар экендиги, окуучунун инсандык жана кесиптик өнүгүүсүнүн, турмуштук тажрыйба топтоосунун керектүү психологиялык шарты болуп эсептелет. «Силер өзүңөрдү билесиңерби?» сабагы Тапшырмалар: Өспүрүмдүн кызыкчылыктарын аныктоо максатында, өзүн-өзү анализдөө, ички дүйнөсүнүн эркиндигин өстүрүү аркылуу табитинин калыптанышын арттырууга багытталган иш-аракетти уюштуруу.

«Өзүн тааныштыруу» көнүгүүсү Окуучулар өздөрүнүн турмушта жакшы көргөн, жаман көргөн иштерин катары менен айтышат. Окуучулар көбүнчө күнүмдүк жумуштарды жана үйгө берилген тапшырмаларды жактырбагандарын, жакшы көргөндөрүнө достору менен сейилдөөнү, компьютердик оюндарды киргизишти.

«Кызыкчылыктардын туруктуулугу» көнүгүүсү Үч мүнөт ичинде жакшы көргөн иши жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк сөз жазышат. Көп сандагы сөздөр ал ишти өздөрү аңдап-билип тандаганын белгилейт.

«Сабактарда жүрүм-турум эрежелерин кабыл алып, талкуулоо» көнүгүүсү Бир канча адам чогулуп, кайсы бир ишти аткарууда, ошол иштин акыбети кайтыш үчүн кеңешип, негизги эрежелерди сактап иш кылышат. Сабактар натыйжалуу өтүш үчүн, эрежелер жөнүндө сүйлөшүп алыш керек, ошондуктан алгач сабактарда колдонулчу эрежелер менен таанышып алгыла. Окуучуларга талкууга коюп, керектүү түзөтүүлөрдү киргизгиле. Эреженин ар бири өзүнчө добушка коюлат.

Мугалим сабактарда өздөрүн алып жүрүүнүн төмөнкү эрежелерин талкууга койсо болот:

1) туура жана туура эмес деген жооптор болбойт. Өзүңдүн оюңду ачык билдирген жооп туура деп эсептелет;

2) калп айтып, же өзүң ойлогондон башканы айтуудан көрө, унчукпай койгон туура;

3) эгер өзү сурабаса, башка катышуучунун айткандарына баа бербе;

4) сабактан чыккандан кийин, сабакта бири-бирибиз жөнүндө билгендерибизди, ким өзүн кандай алып жүргөнүн талкуулоо жарабайт. Сабакта болгон нерсенин баары жалпы сырыбыз катары сакталыш керек;

5) сүйлөп жатканды кунт коюп угуп, сөзүн бөлбөө керек;

6) ар кимдин өз ою болгонго укугу бар;


7) топтун ишине катышууга тоскоол болгон кыйынчылыктар жөнүндө ачык айтуу керек.

«Менин жашоомдун багыты» көнүгүүсү Кагазга каалаган багыттагы сызыкты чийгиле. Сызыктын башы анын башаты болуп саналат. Ушул кезде өзүңөр кайсы жерде турганыңарды элестетип, сызыктын ошол жерине белги койгула. Жашыңарды жазгыла. Кайсы жерде болууну кааласаңар, ошол жерди тегеректегиле. Бул тегерек белги - каалаган жашыңардын белгиси («алтын жаш»). Эмне үчүн экендигин түшүндүрүп жазгыла. Туулгандан тарта азыркы убакка чейинки өзүңөрдүн эсте калаарлык окуяларыңарды, кылык- жоруктарыңарды, мүмкүн, жашооңордун бир үзүмүн айтып бергиле. Келечек жашооңорду уюштурууну болжолдогула. Өмүрүңөрдө кайсы


нерселер ишке ашышын каалайсыңар? Жанагы кагазга чийилген «жашоо сызыгына» белгилеп койгула.

«Менин планетам» көнүгүүсү Баракка чоң айлана тарткыла – бул силердин планетаңар. Силердин негизги иш-аракеттериңерди материктер дейли, бул: окуу, баарлашуу, кыялдар, оюн‑зоок, кызыкчылыктарыңар ж. б. Материктерди тартып, аларга иш-аракеттериңердин түрлөрүн жазып койгула.

Материктер мухиттер менен деңиздердин суусуна жуулуп турат. Биздин турмушта бул биздин сезимдерибиз жана эңсөөлөрүбүз. Бизге маанай түзгөн нерселер. Маанайыңар түшүп турган убакытты эстегиле. Жакшы маанайда болгондочу? Өзүңөрдүн планетадагы мухит жана деңиздерди маанайыңардын кайсы убактагысындай кылып атайсыңар? Силердин жетишкендиктериңер, жөндөмүңөр ошол планетадагы аралдар болот. Аралдарга өзүңөрдүн эң күчтүү сезимиңерди, жөндөмүңөрдү, талантыңарды ат коюп жазгыла. Эми планетаны жандандырабыз. Ыңгайлуу отуруп, көзүңөрдү жумгула. Эки-үч жолу катуу дем тартып, дем чыгаргыла. Өзүңөрдү өсүмдүк катары элестеткиле. Кайсы өсүмдүктү тандоого көңүл койгула: гүлбү же бакпы?

Кандай болгуңар келгенин эстеп калгыла. Айланаңарда кандай өсүмдүктөр бар? Кайсынысы көлөкө түшүрүп, кайсынысы жылуулук, жарык берип турат? Жалбырактарыңарды күнгө каратып, жамгырдын жылуу тамчыларына тоскула. Керилип, шашпай көзүңөрдү ачкыла. Эми «планетаны» отурукташтыруу керек. Өзүңөр элестеткен өсүмдүктү, ал үчүн ыңгайлуу, жайлуу, жарык тийген, өзүңөргө сүймөнчүктүү жерге сүрөтүн тарткыла. Силердин турмушуңарда силерге кам көргөн, силер үчүн кубанып-кайгырган, силерге жаккан адамдар бар. Бул силердин жашоодогу «колдоочуларыңар». Алардын аттарын өзүңөр тарткан «планетанын» тегерегиндеги «спутниктерге» жазгыла.

Силердин «планетаңар» жашап жатат! Ал дем алып, кубанып-кайгырат, дайыма кыймыл- аракетте болуп, жаңы жетишкендиктерге умтулуп баратат. Бирок силердин эң жакшы касиеттериңер менен жарык болмоюн, планетадагы жашоо анча ийгиликтүү болбойт. Жылдыздарды тартып, ар бир жылдызга өзүңөрдүн жакшы касиеттериңерди жазып, жарык кылгыла. Окуучуларга төмөнкү суроолорду бергиле:

өзүңөр жөнүндө жаңы эмнени билдиңер;

эмне көбүрөөк жакты, эмнеси азыраак ;

жакындарыңарга, турмушка көз карашыңар өзгөрдүбү?








БААЛУУЛУКТАР ЖӨНДӨМҮН ӨСТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН

КӨНҮГҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ОЮНДАРДЫ ӨТКӨРҮҮ


«Каалоолор» оюну Оюнду өткөрүүнүн алдында мугалим доскага адамзаттын баалуулуктарын жазып, балдар талкуунун жүрүшүндө кошумчалашы керек. Балдарга бул оюн, кимдин, кандай каалоосу болсо да, ар ким өз жашоосунда ар кандай пайдалана турган адамзаттын баалуулуктары баардыгын бириктирип тураарын түшүндүрөт. Адамзаттын баалуулуктары: жер, ата-журт, аңдап-билүү, үй-бүлө, ден- соолук, эмгек, чындык, билим, социалдык теңдик, маданият, ар-намыс, тынчтык, эркиндик жана тандоо укугу, адам, жаратылыш жана туулуп өскөн жердин маданияты.

Мугалим: «Гүлдүн жети гүнчасы» аттуу жомокто болуп калдык деп элестетели да сыйкырдуу сөздөрдү айталы: Сен уч, уча бер гүлдүн гүнчасы, Батыштан Чыгышка, Түндүктөн Түштүккө уч, айланып кайра мага кел! Жерге тиериң менен, меникиндей болсун деп буйрук бер!...»- деп жомоктон үзүндү айтат.

Топ ичинде иштөө: Окуучулар ишке ашышын каалаган үч каалоону тандап алышат:

өзү үчүн;

үй-бүлө үчүн;

досу үчүн;

класс үчүн;

шаар үчүн;

дүйнө жүзү үчүн;

мектеп үчүн.

Окуучулар каалоолорун үн чыгара окушат. Андан ары мугалим биздин керектөөлөрүбүз менен баалуулуктарыбыз жүрүм-турумубузга кандай таасир берээрин, же эмнени кааласак, ошого жетиш үчүн жүрүм-турумубуз кандай болуу керектигин ойлонуп көрүүнү сунуштайт. Адамдардын баалуулуктар жөнүндөгү түшүнүктөрү бири- бирине келишпесе, алар көпчүлүк учурда бирин-бири түшүнбөстүгүн талкуу учурунда белгилеп кетүү керек. Бирок чындыгында, биз бири-бирибизден анча деле айырмабыз жок.

Корутунду тапшырмалар

1. Баалуулуктардын түзүлүшүнө таасир берчү факторлордун айланасын чийип, алардын горизонтторун аныктагыла.

2. Балдардын каалоолор жана баалуулуктар жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтүү.

3. Баалуулуктарды биргелешип чечүү мүмкүндүгүнүн шарттарын түшүндүрүү.

4. Балдарга максаттары менен кылган иштеринин байланышуу себептерин аныктоого жардам берүү.

САБАК БАШТАЛААРДА ӨТҮЛҮҮЧҮ ОЮН КӨНҮГҮҮЛӨР

«Мен жакшы көрөм» оюну

Ким төмөнкү аныктамага макул болсо, бир кадам алдыга чыгат:

мен эртең менен уктаганды жакшы көрөм;

мен эртең менен ата-энеме «Кутмандуу таңыңар менен!» деп саламдашам;

мен мектепке чын көңүлүмдөн кубанып барам;

мен мектепке автобуска түшүп барам;

мен классташтарым менен жолукканда кубанам;

мен мугалимдердин эч кимисинен коркпойм;

мен өзүмдүн жашоомо ыраазымын;

мен «5» алганды жакшы көрөм;



мага бааларым кандай болсо да баары бир;

мен атак-даңктуу, бай болууну эңсейм;

мен досторумдун жеңиштерине кубанам;

мен улууларды сыйлайм;

мен майрамдарды жакшы көрөм;

мага түшүнүп мамиле кылууларын каалайт элем;

мен класстык саат «мыкты» өтүшүн каалайм.

Финишке биринчи чыккандар калгандарына кайрылып, ар бир катышуучу менен түрдүү ыкмада учурашып чыгышат.

-75%
Курсы повышения квалификации

Порядок организации и проведения деловых переговоров как условие успешной коммуникации

Продолжительность 72 часа
Документ: Удостоверение о повышении квалификации
4000 руб.
1000 руб.
Подробнее
Скачать разработку
Сохранить у себя:
Тарбия саат 8-класс (42.08 KB)

Комментарии 0

Чтобы добавить комментарий зарегистрируйтесь или на сайт

Вы смотрели